Жаш мугалим менен жаш дарыгердин айлыгына канча акча кошулат? Депозиттин чоо-жайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер жана мугалимдер үчүн айлык акысынан сырткары кошумча акча төлөө каралган депозит программалары бар. Аталган программанын айланасындагы суроолорго тийиштүү адистер жооп берди.

Улуттук статистика комитетинин 2018-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстанда эң аз айлыктын ээси мугалимдер болуп чыккан. Алардын орточо тапкан акчасы 11 миң сомго да жетпейт.

"Жаш мугалимге депозит" программасы

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова - Sputnik Кыргызстан
Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги
Жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев октябрь айында агартуу тармагынын өкүлдөрүнүн маянасы көбөйө турганын убадалады. Ошентсе деле бул тармакка жаш адистерди тартуу оңой эмес. Айрыкча Бишкекте. Анткени анын жоопкерчилик, милдети көп, айлыгы аз.

Калаадагы мектептерге жаш педагогдорду тартуу максатында 2010-жылы "Жаш мугалимдерге депозит" программасы иштей баштаган.

Анын жол-жобосун Бишкектин билим берүү башкармалыгынын кадрлар боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Надира Саякбаева түшүндүп берди.

Программанын талаптары

Программа 100 кишиге ылайыкташылган. Ага педагогикалык окуу жайды жаңы аяктаган бүтүрүүчүлөр катыша алат. Мисалы, декабрь айында болчу сынакка 2019-жылы окууну бүтүргөндөр гана катышат. Жаш курак чектелген эмес. Азыркы тапта Бишкекте 260 жаш мугалим депозит программасынын негизинде иштеп жатат.

Катышуу жол-жобосу

Жаңы окуу жайды бүтүргөн педагог алгач сынактан өтөт. Сынак тест жана маектешүү болуп эки этаптан турат. Тандоодон өткөндөн кийин үч жылга келишим түзүлөт. Келишим боюнча жаш мугалим үч жыл үзгүлтүксүз мектепте иштеши керек. Эгер кыздар турмушка чыгып, төрөп, эмгек өргүүгө кетип калса, андан кийин иштеген жылдары эсептелет. Айтор, үч жыл балдарга билим берүүсү зарыл. 

Канча акы төлөнөт?

Иштеп баштагандан тарта биринчи жылы айына 2000 сом, экинчи жылы 2500 сом, үчүнчү жылы 3000 сомдон берилет. Үч жылдыкын эсептегенде 90 000 сом. Бирок бул акчаны жаш мугалим ай сайын маянасы менен кошо албайт. Үч жыл иштеген соң гана бухгалтер анын эсебине которот.

Педагогикалык билимди облустардан алып келгендер программага илине алабы?

Өлкөнүн облустардагы окуу жайларынан педагогикалык билим алгандар сынакка катышса болот. Эгер өтсө, иштей беришет.

"Жаш дарыгерлерге кошумча дем берүү" программасы

Продажа авто Lexus в штате Флорида - Sputnik Кыргызстан
Үч жыл жебей-ичпей... Аткаминерлер кантип Lexus GX 470 сатып алышат
Билим берүү тармагында Бишкекке мугалим жетишпесе, Саламаттык сактоо системасында алыскы аймактарда дарыгерлер өтө аз экен. Медиктерди аймакка тартуу максатында 2013-жылдан бери өлкөдө "Жаш дарыгерлерге кошумча дем берүү" программасы иштей баштаган. Ага ылайык, алыскы аймакка барган дарыгерлерге айлыгынан тышкары кошумча акча төлөнүп берилет. Баса, Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылга карата берген маалыматына таянсак, дарыгердин орточо айлык акысы 15 434 сомду түзөт. Ал эми саламаттык сактоо системасында иштеген кызматкерлердин орточо маянасы — 10 314 сом.

"Жаш дарыгерлерге кошумча дем берүү" программасынын жол-жобосун Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иштер башкармалыгынын медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн адиси Наргиза Сатылганова айтып берди.

Программанын талаптары

Программа 175 орунга ылайыкташкан. Ага жогорку медициналык окуу жайларынын ординатура факультетин бүтүргөн, аймактарда иштеп жаткан жаш дарыгерлер катыша алат. Курагы 45 жаштан ашпашы керек. Бирок бул депозит программаларына Бишкек шаарында иштеген жаш адистер катыша албайт. Азыркы тапта өлкө боюнча бул программа менен 164 жаш дарыгер эмгектенүүдө. 

КРде депозит программасы боюнча иштеп жаткан дарыгерлердин саны
Жаш мугалим менен жаш дарыгердин айлыгына канча акча кошулат? Депозиттин чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
КРде депозит программасы боюнча иштеп жаткан дарыгерлердин саны

Катышуу жол-жобосу

Московский государственный гуманитарно-экономический университет - Sputnik Кыргызстан
Студенттердин стипендиясы 5000 сом болобу? Депутаттын сунушу
Жогорку медициналык окуу жайларынын ординатура факультетин бүтүргөн, аймактарда иштеп жаткан жаш дарыгерлер арыз жазат. Мындан сырткары, эмгек китепчесин, дипломунун көчүрмөсүн, квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификат (эгер бар болсо), окуу жайды бүттү деген сертификатын тапшырат. Тандоо турунан өткөн дарыгер депозит программасына киргизилип, медик менен үч жылга келишим түзүлөт.

Канча акы төлөнөт?

Программанын алкагында иштеген дарыгерлер квартал сайын (үч ай) Саламаттык сактоо министрлигине отчет тапшырып турат. Анын жыйынтыгы менен үч айда бир жолу айлык маянасынан сырткары эсебине акча которулат. Соцфонд, салык кызматтары өзүнө тиешелүү акчаны кармап калгандан кийин ар бир кварталда жаш адистин колуна 26 миң сомдон тиет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0