Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдү кыдырат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОтпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле
Отпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары, президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыкмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0