Зергер Кыргызстанда жасалгалар кандай алтындан жасаларын айтты

© AFP / JOEL ROBINEЮвелирный магазин в городе Бир-эль-Джир
Ювелирный магазин в городе Бир-эль-Джир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Макешев кыргызстандык чеберлердин эң башкы көйгөйү эмнеде экенин айтып берди. Анын айтымында, алтынды сатып алуу абдан татаал.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандык зергерлер үчүн алтын алуу өтө оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Ювелирлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешев билдирди.

Ал "Евразия жумалыгы - 2019" эл аралык форумуна катышууда.

Макешевдин айтымында, Кыргызстанда жылына 19 тонна алтын казылганы менен зергерлерге алтын дээрлик табылбайт.

"Азыр ювелирлер алтынды элден сатып алышат. "Кыргызалтынга" арыз жазганыбыз менен ал жакта алтын жок. Болгон күндө да аны дүйнөлүк баасынан 5-7 пайызга кымбат сатышат. Мисалы, Түркиядагы, Россиядагы кесиптештер бир граммды 41 доллардан алса, Кыргызстанда ошол эле алтынды 5 пайыз кымбат алабыз", — деди ал.

Макешев форумдун жүрүшүндө алтын алып келе турчу өнөктөштөрдү табууну пландап жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0