Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстандагы үч оорукана бейтаптардан акы ала баштайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония открытия Ошской городской клинической больницы
Церемония открытия Ошской городской клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор сынамык иретинде ишке ашырылат. Эгер ийгиликтүү ишке ашса, бул ыкма башка мамлекеттик ооруканаларга да киргизилет.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Мамлекеттик үч оорукана өзүн-өзү каржылоо системасына өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, сөз мамлекеттик үч оорукана тууралуу болуп жатат.

"Биз Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, ошондой эле Улуттук хириргия борборун өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыктык. Учурда ал ведомстволор аралык макулдашуудан өтүп жатат", — деди ал.

XI Всероссийский форум Здоровье нации – основа процветания России - Sputnik Кыргызстан
Көзүнөн "бриллиант" аккан кыз. Дарыгер себебин айтып берди
Калмаматов ошондой эле токтом долбоору чыккандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардам көрсөтүү стандарттары менен жаңы шарттагы каржылоону иштеп чыгарын айтты.

"Биз ар бир ооруну дарылоо менен операциялардын баасын эсептеп чыгабыз. Эгер долбоор ийгиликтүү болсо, башка медициналык мекемелерге да жайылтылат", — деди Калмаматов.

Ал бул маселе биринчи жолу эле көтөрүлүп жатпаганын, 2018-жылы өкмөт саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча программа кабыл алганын кошумчалады. Анда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна ири оорукананы сынамык иретинде өзүн-өзү каржылоого өткөрүп көрүү сунушталган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0