Жеңүүчү бар, товар жок. ТЭЦке Казакстандын көмүрү келе элек

© Sputnik / Бактияр БердибековТаш көмүр. Архив
Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек жылуулук электр борборуна казакстандык көмүрдүн алгачкы бөлүгү сентябрда келип каларын "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришкен болчу. Бирок 18 күндөн бери импорттук отундан дайын жок.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек жылуулук электр борборуна Казакстандын көмүрү келе электигин "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунан билдиришти.

Ал эми бул маалыматты "Электр станциялары" мекемесинин өкүлдөрү тастыктап же четке кага алган жок. Тагыраагы, адистердин бошобой жаткандыгын, маалыматты кийинчерээк беришерин айтышты.

"Казакстандык көмүр Бишкектин аймагына кире элек. Азыркы учурда кыргыз тараптан адистер кошуна өлкөдө тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Абалдын чоо-жайы белгилүү болору менен кеңири маалымат таратабыз", — деди "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун өкүлү.

Токтогульская водохранилища - Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт
Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айына чейин Казакстандын "КонтакУглеПром" компаниясы Бишкек жылуулук электр борборун 400 миң тонна импорттук көмүр менен камсыздай турганы айтылган. Азыркы учурда ЖЭБ аймагында 80 миң тонна кара алтын бар экенин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришкен болчу.

Август айында борборго 80 миң тонна жергиликтүү көмүр киргизилгенин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Жекшенов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз көмүр" ишканасы Бишкек ЖЭБин Кыргызстандан чыккан көмүр менен камсыздоо үчүн өткөрүлгөн тендерди утуп алган.

"Биз 2020-жылы мартка чейин ЖЭБге 680 миң тонна Кара-Кече жана Кабак (Миң-Куш) көмүрлөрүн киргизишибиз керек. Августтун планын толугу менен жаптык. Сентябрда алып келчү 80 миң тоннанын 61 миң тоннасын жеткирип бердик. "Кыргыз көмүр" ААК 17 компания менен бирге консорциум түзүп, Бишкек жылуулук электр борборуна отун ташып жатабыз", — деди Жекшенов.

Ал жөнөкөй кардарлар үчүн Кара-Кече жана Кабак көмүрлөрүнүн бир тоннасы орточо 3000 сомго бааланып жатканын кошумчалап, базарда Кыргызстандын көмүрү арбын экенин айтты.

Жалпысынан күз-кыш жылытуу мезгилине 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдалат.

Бишкек ТЭЦи өлкөнүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарган жалгыз ири ишкана болуп саналат. Кыш мезгилинде күнүнө 6-7 миллион кВт/саатка чейин иштеп чыгарат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0