Орзубек Назаров менен ИИМдин соту. Ишке Жогорку сот чекит койду

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү боксчу Орзубек Назаров. Архив
Белгилүү боксчу Орзубек Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы августта Орзубек Назаровдун кызы аварияга кабылган. Досу экөө бараткан мотоциклди милициянын эки кызматтык унаасы кууган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. КР Жогорку соту Биринчи Май райондук сотунун белгилүү боксчу Орзубек Назаровдун жол кырсыгы боюнча ИИМге койгон дооматынын негизинде чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Орзубек Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 19-август түнү досу менен мотоциклде бара жаткан Аделина Назарова Бишкектин чок ортосунда жеңил унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен мотоциклди айдап бара жаткан 21 жаштагы жигит каза болгон. Жеңил унаанын ичиндеги үч киши да жаракат алып, кийинчерээк бирөөсү көз жумганы айтылган. Ал эми Аделина 10 күндөй комада жаткан.

Задержание с поличным сотрудницы Центра образования Октябрьского района Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Көлдө айып пулдун 600 миң сомун менчиктеп алган сот аткаруучу кармалды
Текшерүүдөн кийин прокуратура мотоциклдин артынан кызматтык унаасы менен эки милиционер куугунга түшкөнүн аныктап берген. Мындан улам жаштар ылдамдыкты күчөтүп, кырсыкка кабылган.

Назаров Ички иштер министрлиги өз кызматкерлери үчүн жоопкер экенин айтып, айып дал ушул мекемеге тагылышы керектигин белгилеген. Спортчу министрликтен 10 миллион сом талап кылган.

Сот айыпталып жаткан У.С. аттуу милиция кызматкерин кызматтык абалынан аша чаап, жетекчиликке эскертүү бербестен постунан чыгып, мотоциклдин аркасынан кубалаганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Мындан тышкары, ал айдоочу гана болгондуктан унааларды текшерүүгө акысы жок болчу. Жол эрежесин бузду деп эсептелип, үч жылга эркинен ажыратылган.

Ш.У. аттуу милиционердин күнөөсү тастыкталган эмес. Ошондой эле сот мотоциклдин айдоочусун дагы жол кырсыкка айыптаган жок.

Жогорку соттун маалымат кызматы сот коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырганын жана ал даттанууга жатпай турганын билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0