Башкы прокуратура Кой-Таштын тургундарын суракка алып жаткан себебин түшүндүрдү

Жазылуу
Тергөөчүлөр 20-сентябрь күнү Кой-Ташка барып, алыскы жолго чыга албаган кары-картаңдарды, оорулууларды суракка алган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Кой-Таш айылынын тургундары эмнеге суракка алынып жатканын түшүндүрдү.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду
Ведомстводон кабарлашкандай, социалдык тармактарда кээ бир жарандар менен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Аскер прокуратурасы айыл тургундарынын укуктарын бузуп жатканы боюнча жалган маалыматтарды таркатып жатат.

Ошондой эле Башкы прокуратура тергөө тобу Кой-Таштагы 1568 тургундун атынан келип түшкөн кат түрүндөгү кайрылууну расмий карап жатканын маалымдады. Катта ИИМ менен УКМКнын кызматкерлеринин 7-8-августтагы мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтылган.

Көзөмөл органынан кылмыш процессуалдык мыйзамдардын талаптарына ылайык жана тергөө объективдүү жүрүшү үчүн бардык тургундар суракка алыныш керектигин билдиришти.

"Бул процедура ошол арызданып жаткандардын укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл.  Кара ниет адамдар айтып жаткандай бул аракеттер тергөө органдарынын ойлоп тапкан иши эмес. Кылмыш-процессуалдык мыйзамдар тергөө органдарын доогерлердин арызын териштирүүгө милдеттендирет. Анын алкагында арыздангандарды күбө катары суракка алуу каралган", — деп айтылат маалыматта.

Өз учурунда тергөө органдары жарандардын доо-арызын тез арада карап, маалымат такталса күнөөкөрлөрдү жоопко тартууга милдеттүү. Аскер прокуратурасы так ушундай иштерди жүргүзүп жатканын Башкы прокуратурадан белгилешти.

Мындан сырткары, тергөөчүлөр 20-сентябрь күнү Кой-Ташка барып, алыскы жолго чыга албаган кары-картаңдарды, оорулууларды суракка алганы маалыматта белгиленген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0