Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ички иштер министрлиги ички тергөө жүргүзүп, документтер Аскер прокуратурасына берилип, өзүнчө иш ачылды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев билдирди.

Анын айтымында, Асанов атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындап алган.

"Аны (атайын даярдыктагы аскерди - ред.) эч кандай буйругу жок эле өзүнүн жанына алып алган. Бул боюнча өзүнчө кылмыш иши козголду. ИИМ ички териштирүү жүргүзүп, документтерин бизге берди. Аскер прокуратурасы өзүнчө иш ачты, азыр тергөө жүрүп жатат. Бул боюнча Курсан Асановдун аракетине баа берилет", — деди ал.

Эске салсак, Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

Контрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун издөөдөгү баласы кайсы өлкөгө чыгып кеткени айтылды
27-августта Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы тандалып, 13-октябрга чейин үй камагына алынган.

7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0