Ош менен Жалал-Абадда өзгөчө мамлекеттик номерлерди сатып алуу жеңилдеди

© Фото / пресс-служба ГРС КРӨзгөчө мамлекеттик номерлер
Өзгөчө мамлекеттик номерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сынамык долбоордун жыйынтыгы жакшы чыкса, Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө мамлекеттик номерлерди саткан жерлерди көбөйтөрү айтылды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жалал-Абад жана Ош облустарында унааларга өзгөчө мамлекеттик номерлерди сатып алуу жеңилдей турганын Мамкаттоодон билдиришти.

"Ушул жылдын 20-сентябрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары үчүн бөтөнчө номерлерди алууда жеңилдетилен тартипте сынамык долбоор жүргүзүлөт. Долбоорду "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен "Унаа" мамлекеттик мекемеси ишке ашырууда", — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоонун маалыматына ылайык, унаа ээлери жаккан номерлерин өздөрү тандай алат. Сынамык долбоор үч багытта иштейт:

  • Ош шаардык "Унаа" бөлүмү;
  • Ош аймактык "Унаа" бөлүмү;
  • Жалал-Абад аймактык "Унаа" бөлүмү.

Унаадагы мамлекеттик номер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 11 унаага аталышы жазылган номер сатылды. Баасы жана тизмеси
Бул долбоорго чейин авто ээлери өзгөчөлөнгөн номерди алуу үчүн Калкты тейлөө борборунан сертификат алып, андан кийин "Унаа" мекемесинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, эки жумадай буйрутмасынын даярдалышын жана келишин күтүшкөн.

Эгер сынамык долбоордун жыйынтыгы жакшы чыкса, Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө мамлекеттик номерлерди саткан жерлерди көбөйтөрү айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0