Ишекеев: адамдын эне тилин билүү деңгээли апасынан көз каранды

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев
Председатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев кыргыз тилинин өнүгүсүү түздөн-түз үй-бүлөгө байланыштуу экенин айтты.
Ишекеев: адамдын эне тилин билүү деңгээли апасынан көз каранды

Эне тил — эне мектебинен башталат. Мындай пикирин Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө канчалык күчтүү болсо, тил да ошончолук барктуу болот.

"Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынгандыгы өлкөбүздүн эгемендүүлүккө болгон умтулуусунун алгачкы кадамдарынын бири болгон. Бул мыйзамдын тарыхый, философиялык жана социалдык мааниси өтө зор. Бирок анын арты менен тил саясатында баары жакшы болуп кетти дегенден алысмын. Кемчиликтер бар, жетишкендиктер да жок эмес. Эң башкысы — мамлекеттик тил бүгүнкү күндө кулачын жайып, колдонуу мейкиндигин уламдан-улам кеңейтип баратат. Бул жерде үй-бүлө институтунун ролу абдан чоң. Анткени тарбиянын башаты алгач коломтодон башталат. Бала үйдө убактысынын көп бөлүгүн апасы менен өткөрүп, баарлашат. Ошондуктан да адамдын өз тили эне тили деп аталып калган чыгар. Мындан улам эне мектебин бекемдеп, эне тилге болгон сүйүүнү үй-бүлөдө калыптандыруу керек. Ошондо гана мамлекеттик тил туруктуу өнүгүүгө бет алат", — деди Ишекеев.

Ошондой эле ал мамлекеттик тил боюнча мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында эл депутаттары тарабынан кабыл алынганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0