Президент кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү өксүктөрдү атады

Жазылуу
Мамлекет башчы кыргыз тили ойдогудай колдонулуп, Кыргызстанда жашаган бардык улуттарга орток тил боло электигин белгиледи.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада айтты.

Мамлекет башчы 30 жылдын аралыгында кыргыз тили бир кыйла өнүгүп-өскөнүн айтып, бирок ойдогудай колдонулуп, Кыргызстанда жашаган бардык улуттарга орток тил боло электигин белгиледи.

"Кыргыз тили жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык этностор үчүн орток тил кылуу үчүн аткара турган милдеттер арбын", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле кыргыз тилин мамлекеттик тил катары дагы бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары бир нече милдеттерди ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.

Милдеттер:

 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык тийиштүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Кыргыз тили боюнча программадагы милдеттерди кылдат талдап, бардык мамлекеттик органдардын аткарган ишине баа берүү;

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ишекеев: мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөп, катасыз жазгандар аз
Мамлекеттин негизги символу, улутту улут кылган нукура касиети катары — кыргыз тилинин мындан ары кадыр-баркын өнүктүрүү. Ал үчүн кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү милдети;

Ар бир үйдөгү балдар мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, ой жүгүрткөндө гана тилибиз сакталат, өнүгөт, кийинки урпактарга жетет. Ушул милдет ар дайым ар бир ата-эненин көңүлүнүн төрүндө болуусу шарт;

Тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү мүмкүн эмес. Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар. Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыйбаны, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программа түзүү милдети турат.

Бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу окутууга өтүүнү тездетүү зарыл.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0