Лейлектин ооруканасындагы үч аскер Улуттук госпиталга алып келинди

Жазылуу
27 жаштагы аскерге дароо операция жасалып, дарыгерлер жоокердин абалын жалпы жонунан оор деп баалашууда. Жоокер учурда комада.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Лейлектеги аймактык ооруканада дарыланып жаткан үч жоокер 21-сентябрда Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Эки жоокер гастроэнтерология жана эндокринологиялык хирургия бөлүмүнө жаткырылып, керектүү дарылоону алып жатат, абалдары орто. Ал эми 27 жаштагы аскерге дароо операция жасалып, дарыгерлер жоокердин абалы туруктуу болгону менен жалпы жонунан оор деп баалашууда. Жоокер учурда комада", — деп айтылат маалыматта.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Оңой болгон жок. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы
Ал эми Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда стационардык негизде дарыланып жаткан 10 кишинин абалы жакшырып калды. Учурда төрт жоокерди аскер госпиталына которуу маселеси каралып жатат.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 16-сентябрь күнү кечке жуук чыгып, ок атылып, натыйжада Кыргызстандан бир жоокер каза тапкан. 13 киши жарадар болуп, 10у Бишкекке алып келинген. Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0