03:33 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова

Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
640 0 0

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстандын кеңсесине баш багып, контейнер мектеп, бала бакча көйгөйү жана педагогдордун жетишсиздиги туурасында маек куруп берди.

Вице-премьер өкмөт үйүнүн гаражында эмнеге кымбат жолтандабастар токтоп турары, кайсы долбоорлорду министрлер кабинети мөөнөтүндө бүткөрө албасы жана кандай жол менен аткаруу бийлиги мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө белсенгенин айтып берди.

— Кыргызстандыктар Нарын облусунда контейнерлерден куралган мектептин ачылышына өтө нааразы болушту. Мындай мектеп өлкөдө жалгыз эмес экени да айтылды. Сиздин маалыматыңыз барбы бул жөнүндө?

— Кеңеш айылында жылууланган башка имарат даярдалууда, анда сегиз класс эки убак менен окумакчы. Имарат эки аптадан соң даяр болот.

— Бул дагы утурумдук чарабы?

— Ооба. Нарын районуна жаңы мектеп курабыз, 2020-жылдын 1-сентябрына дейре ачып калабыз деген үмүттөмүн. 125 орунга эсептелген. Керектүү шарттарды түзүп бере албаганыбыз үчүн балдардан кечирим сурадык.

— Контейнерлерден мектеп ачуу кимдин демилгеси эле? Ага бюджеттен акча сарпталдыбы?

— Жылууланган контейнерлерди бизге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген, контейнерлерди аталган мекеме кырсык болгон учурда андан жабыр тарткан эл үчүн бөлүп берет. Балдардын бир бөлүгүн контейнерге которгон, мектептин эки корпусу бар, бири кыйраганы калган. Нарын районунун акими, мектеп директору жана жамааты бул окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана аба ырайы жылуу болуп турганда которуп алалы деген зарыл чара болгонун айтышат.

Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вице-премьер Өмүрбекова: Өлкөдө мектеп имаратынан башка жерде окутууга аргасыз алты окуу жайы бар. Мисалы, Ош облусунун Ак-Кыя кыштагында балдар айыл өкмөтүнүн имаратында билим алышат, ал эми жергиликтүү бийликтин жамааты мектептин кыйраганы калган имаратына көчкөн.

— Эгер зарыл чара болсо, эмнеге чоң кызматтагылар иштен алынды? Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ээлеген кызматынан кетишти.

— Губернатор менен билим берүү министринин отставкага кетишине мектептин жагдайы гана себеп болгон жок го дейм. Мектеп жамаатынын көңүлү чөктү, алар жакшы ой менен гана мындай кадамга барышкан. Колдоп, түзүлгөн кырдаалда эч кандай күнөөлөрү жок экенин айттым. Тез арада бир имаратты ижаралай койгудай Бишкек эмес экенин эске алган оң, Нарында бул жагы кыйла татаал.

Өлкөдө мектеп имаратынан башка жерде окутууга аргасыз алты окуу жайы бар. Мисалы, Ош облусунун Ак-Кыя кыштагында балдар айыл өкмөтүнүн имаратында билим алышат, ал эми жергиликтүү бийликтин жамааты мектептин кыйраганы калган имаратына көчкөн.

Кыргызстанда имаратынын бир бөлүгү авариялык абалдагы 193 мектеп бар. Алардын ичинен окууга таптакыр болбой калган 19ун тандадык. Өкмөт өз алдына эки жыл ичинде андай абалды жоюу милдетин койду, анүчүн каражат да таптык. Маселен, 29 мектепти ачууга Сауд фондусунан акча бөлүнүүдө, алар октябрда куруп башташат.

— Президент жемкорлукка каршы күрөштөн түшкөн акчага мектептер куруларын айткан. Бүгүн кандайдыр бир долбоорлор барбы?

— Ооба, болжол менен Ош жана Чүй облустарындагы, борбор калаадагы 20 мектеп имаратына улана корпустар курулат. Окуу жайларынын канчалык толгонуна карап тандадык.

— Демек пайдубалынан баштап курулбастан, иштеп жаткан мектептер гана кеңейтилеби?

— Ооба. Анализ көрсөткөндөй, өлкөдө 800 миң бош окуучу орун бар, качандыр бир алар зарыл болгон жерде эмес, кимдир бирөөлөрдүн каалоосу менен гана курулган. Жергиликтүү калк арасында балдар жок эле жерлерде салынганы да бар. Мисалы, борбор калаадагы эң тынч алтынчы кичи райондо №39 мектеп бар. Жарым-жартылай гана толгон. Аймактарда жарымы бош мектептер аябай көп. Демек, мектептердин курулушунда айрым стандарттар сакталган эмес, калктын саны эске алынбаптыр же бир айылда дароо эки мектеп пайда болгон.

— Көптөгөн кыргызстандыктар күчтүү мугалимдердин жеке мектептерге кетип жатышканына, жакшы адистер калбай баратканына, ал эми кадимки мектептерге тажрыйбасыз педагогдор ишке алынганына кейишет. Натыйжада сабатсыз жаштар чыгат деген чочулоо бар. Бийликтин бул көйгөйдөн кабары барбы?

— Албетте. Мугалимдерге муниципалдык мектептен жеке окуу мекемелерине которулушуна тыюу сала албайбыз. Жогорку окуу жайларда студенттер бюджеттин эсебинен окуй турган 5700 гранттык орун бар. Алардын 35 пайызы болочок педагогдорго бөлүнөт. Үстүртөн талдап көрсөк, алар дайым эле акырына дейре окуй бербейт же кайсы бир курска келгенде башка факультеттерге которулуп кетүүгө аракет кылышат. 1700 орунду педагогикалык адистикке бөлүү зарылбы? Мамлекеттик жогорку окуу жайлар аркылуу гана аракет кылышыбыз керекпи? Балким, сынак аркылуу бул программага алдыңкы жеке жогорку окуу жайларды да тартканыбыз оң болор.

Биофак, химфак, физфакта окуган студенттер мектептерде педагог болуп иштей ала тургандай, бул факультеттерде жаш мугалимдерди даярдоочу бир же бир жарым жылдык курс киргизүү боюнча сунуш түшкөн. Студент окуу жайды аяктаганда физик же химик гана эмес, өз адистиги боюнча сабак бере ала тургандай болуп чыгат.

Аймактардагы мугалимдердин билимин жогорулатуу үчүн онлайн-курстарды ишке ашыруудабыз. Кээде жаш педагог жаштык курчтугу, жаңы билими, заманбап технологияларды, кошумча адабиятты пайдалануу менен өзгөчө чыгармачылык менен сабак өтөт. Анын сабактары дасыккан кесиптешине караганда кызыктуу да болушу мүмкүн. Албетте, тажрыйбанын орду чоң, бирок баары бир нерседен башталат эмеспи.

Жакында эле мектеп директорлору менен жолуктум. Алар окутуунун автордук ыкмаларын колдонуу системасын жаратуу зарылдыгын айтышат. Биз муну ойлонуп көрүүнү чечтик, анткени педагогдордун чыгармачыл башатын өлтүрүүгө болбойт.

Маянаны жогорулатуудан тышкары бизде мугалимдерди сыйлоонун бөлөк жолдору да бар экенин белгилөө абзел. Маселен, өбөлгөлөөчү фонд — эгер педагог ишинде жаңы технологияларды пайдаланса, чыгармачылык менен же өзгөчө иштесе, маянасы дагы 30 пайызга көбөйтүлөт. Олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды даярдаган мугалимдер сыйланат. Маянадан 10 эсе жогору сый акы беребиз.

Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтынай Өмүрбекова: Кыргызстанда бала бакча курагында 800 миң бала бар, бирок алардын 200 миңи гана бала бакчага барат. Дагы болжол менен 100 миң бала милдеттүү мектепке чейинки даярдык курстарына катышат. Дагы 500 миңдин тегерегиндеги баланы бакчага орнотуубуз зарыл.

— Премьер-министрдин айтып жатканы ушулбу?

— Ооба. Биз бүгүн канча мугалим андай кошумча акы аларын билбейбиз, мүмкүн 10, балким миңдир, бул балдардын жыйынтыгына жараша чечилет.

— Эгер жаңылбасам, жыл аягына чейин бардык, ал тургай, эң алыскы айылдардагы мектептер да интернетке туташтырылмак. Бул демилге канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылды?

— Республикада 2100 мектеп иштейт. Билим берүү министрлиги 750 окуу жайга интернет кошту. Быйыл дагы 700 мектепти интернетке туташтырдык. Эң ыраактагы 35 мектептен башка бардыгына интернет кошууга болот. Аларды спутник байланышы аркылуу туташтырышыбыз ыктымал. Ошондуктан биз долбоорду дагы бир жылга, келерки жылдын сентябрына чейин узарттык. Бүгүнкү күндө мектептердин 90 пайыздан ашыгы интернетке туташтырылган.

— Мектеп жана бала бакчаларга электрондук кезектеги мыйзам бузгандар менен күрөш кандай жүрмөкчү? Борбор калаанын тургундары канчадан бери кезек күтүп жүрсө, башкасы тааныштары аркылуу жашабаган жериндеги мектепке баласын киргизип алат.

— Тааныштар аркылуу баланы мектепке киргизүүгө жол бербөө үчүн электрондук кезекти каржылоо маселесине байланыштырууга аракет кылуудабыз.

Кыргызстанда бала бакча курагында 800 миң бала бар, бирок алардын 200 миңи гана бала бакчага барат. Дагы болжол менен 100 миң бала милдеттүү мектепке чейинки даярдык курстарына катышат. Азыраак болсо деле баланы мектепке киргенче даярдоого китепканаларды да кошууга болот. Ошентсе да 500 миңдин тегерегиндеги баланы бакчага орнотуубуз зарыл. Жакынкы 5-10 жылда бюджеттин эсебинен жетишерлик санда бала бакча кура албайбыз. Ошондуктан мамлекеттик социалдык буюртма жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын киргиздик.

Мамлекеттик буюртма боюнча өлкө менчик бала бакчалардагы балдар үчүн төлөм акысынын 50 пайыздан кем эмес бөлүгүн өз мойнуна алат, албетте, мында ал ай сайын сегиз миң сомдон ашпоого тийиш. Мындан айлык акысы 12 миң сомдон ашпаган жалгыз бой энелер, майыптыгы бар балдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер пайдалана алышат. Бул программа менен 15тен ашпаган бала бакча гана иштейт. Болбосо, биз бардыгын кызматташууга чакырган элек, абдан кеңири маалыматтык кампания жүргүзгөнбүз, аларды “Катышкыла!” деп көндүрүүгө тырыштык. Бирок бала бакчалардын бир тобу бул сунушка ишеңкиребей карады. Балким мамлекет менен байланышсак, ар кандай текшерүүлөр башталат деп ойлошсо керек.

Бул келечекте ишке ашчу нерсе, анткени коңшу Казакстан да көйгөйдү дал ушундай чечкен. 2020-жылга чейин социалдык аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бакча төлөмүнүн 90 пайызын төлөп бере ала тургандай болсок экен дейм.

Бала бакчалар киреше салыгынан башка бардык түрлөрүнөн бошотулган. Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана мэрлер бала бакча курууну пландаган ишкерлерге жер тилкесине байланыштуу маселелерди чечип берүү милдеттендирилген. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусу аркылуу бала бакча ачууну каалагандарга төмөн пайыз менен насыя топтомун түзгөнбүз, алгыла. Ушул тапта мамлекеттик органдар иштеп жаткан бала бакчалардын имараттарын кайтаруу иши да кызуу жүрүүдө.

Ар кандай ыкмалар менен 2023-жылга чейин балдарын бакчага бере албаган үй-бүлөлөрдүн 80 пайызын камтууга аракет кылабыз. Даярдыксыз бала мектепте аябай кыйналат. Билим алууга пайдубал дал ушул бакча курагында түптөлөт, бала материалды жакшы өздөштүрөт, кийинки социалдашуусунда бул чоң мааниге ээ.

Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өмүрбекова: 2010-жылдан тарта ишим аябай кызыды. Өзүмө, үй-бүлөмө убактым азайды. Милдеттерим көбөйдү, жоопкерчилик өстү.

— Вице-премьерликти аркалай баштагандан бери турмушуңуз кандай өзгөрдү?

— Өзүмө, үй-бүлөмө убактым азайды. 2010-жылдан тарта ишим аябай кызыды, андыктан, кескин деле өзгөрүү жок, болгону милдеттерим көбөйдү, жоопкерчилик өстү.

— Кортеж менен жүрөсүзбү?

— Ал вице-премьерлерге каралган эмес, менимче бул туура нерсе.

— Мындай суроом үчүн алдын ала кечирим сурайм, сизди кандай машина менен ташышат?

— 2003-жылкы Toyota Prado. Өкмөттүн гаражындагы эң эски унаалардан го дейм, кээде бузулуп калганы менен жүргөнү дурус.

— Биздин маалыматтар боюнча, өкмөттүн сиздин кызматыңыздан төмөн тепкичтеги мүчөлөрүнүн көбүнүн автомобили жаңыраак. Мугалимдерди, мектепти карай албай турган чакта акыркы үлгүдөгү Land Cruiser минип жүргөн акылга сыябы?

— Билишимче, кычыраган унаалар мындай жол менен сатып алынат. Мамлекеттик органдар иш алып барган белгилүү бир долбоорлордун алкагында авто сатып алышат. Долбоор аяктаган соң ал машиналар мекеменин гаражына өткөрүлүүгө тийиш.

Автомобиль иш үчүн керек. Мисалы, мага авто чындап зарыл, анткени ар бир айда аймактарга барам. Көпчүлүк сөзсүз эле жолтандабас алыш керекпи дешет... Билесизби, алыскы аймактарга андан башка жеңил унаа менен жете албайсың. Жүздөгөн чакырым кыйма-чийме, таштуу жол, айрыкча кышында кыйын. Ошондуктан негиздүү нерселер бар. Мында баарын эле бирдей карай берген болбойт.

Тема боюнча

Кыргызстанда окуу китептери боюнча көйгөйдү анализдеген ири баяндама чыкты
Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты
Белгилер:
айлык-акы, бала бакча, мектеп, мугалим, өкмөт, Алтынай Өмүрбекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ