Оюнчук ат минип көк бөрү ойногон бөбөктөр. Жүрөк элжиреткен видео

© Sputnik / Александр ЛыскинОюнчук ат минген өспүрүм. Архив
Оюнчук ат минген өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео бала бакчадан тартылганын байкоого болот. Андан он чактыдай бала оюнчук аттарды минип алып улак тартышып жүргөнүн көрүүгө болот. Колдоруна болсо камчы кармап алышкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Интернетке бала бакчада оюнчук аттарды минип алып көк бөрү ойногон бөбөктөрдүн видеосу тарады.

Аны Facebook колдонуучусу Максат Чаки жүктөгөн.

Чүйдүн жеңиши, Оштун таң калтырган улакчылары. Көк бөрү финалынан видео - Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн жеңиши, Оштун таң калтырган улакчылары. Көк бөрү финалынан видео
Кадрдын бала бакчадан тартылганын байкоого болот. Андан он чактыдай бала оюнчук аттарды минип алып улак тартышып жүргөнүн көрүүгө болот. Колдоруна болсо камчы кармап алышкан. Тай казан катары ортого дөңгөлөк коюлган.

Бөбөктөрдү тарбиячы көзөмөлгө алган. Балдардын видеосу Кайрат Примбердиевдин "Көк бөрү" чыгармасы менен коштолот.

Белгилей кетсек, көк бөрү - өлкөдөгү эң популярдуу спорт түрлөрүнүн бири. Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги турнирлер өтүп турат. Маселен кечээ, 21-сентябрда, Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарында Чүйдүн спортчулары Оштун командасын утуп алды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0