Унааны арзан сатып алуунун жол-жобосу. Машина ташып иштеген жигиттин баяны

Жазылуу
Данияр Салякаев дээрлик 10 жылдан бери автотранспорт сатуу менен алек. Базардан сатып алган машина кымбатка түшөрүн айтат ал.

Данияр Салякаевдин ишканасы чет өлкөдөн автомобиль ташыйт. Аларды атайын аукциондордон сатып алып, Бишкекке ташып келишет. Ишкер бул машакаттуу бизнестин күнгөй-тескейинен кеп салып, айрым сырларынан бөлүштү.

— Эгер унаа базарга барып, машиналарды өз көзүң менен көрүп, каалаганыңды сатып алууга мүмкүн болуп турса, түшүнүксүз чет элдик аукциондордон автомобиль сатып алуунун зарылдыгы канча?

— Жок дегенде арзан түшөт. Мисалга азыр "люкс" категориясындагы авто сүйүүчүлөрү үчүн эң кеңири тараган Toyota Sequoia унаасын алалы. Биздин рынокто ал 20 миң доллар турат, ал эми аукцион аркылуу ташып келүү, бажы жол-жобосу менен бирге 15 миң долларга келет. Эгер машина өзүңүзгө жакпай калса, анда сатып жиберип, ортодон пайда да көрө аласыз. Башка бир мисал, 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry аукцион аркылуу 8 миң долларга айланса, Бишкектен сатып алсаңыз, 10-12 миңге чейин чыгат. Бул ыкманын бир гана кемчил жагы — бизге жеткирилгенче 2-3 ай күткөнүң.

— Бирок киши эмне сатып аларын так билбейт да андайда. Балким, машинанын бир мандеми бардыр. Ал эми базардан жок дегенде карап, ичине түшүп көрүп аласың да...

Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу
— Тескерисинче. Кыргызстанда кырсыктан кийинки автомобилди сатып алган адамдар бар, алар оңдоп-түзөп, кайра сатыкка чыгарышат. Бул машиналар "жапжаңы", чыкыйып көрүнөт, бирок бир-эки ай өтпөй улам бир жери бузула баштайт. Биринчиден, андай автону айдоо кооптуу, экинчиден, аны оңдоого бир топ чыгым болосуң.

АКШда аукцион алдында автомобилди текшерүүдөн өткөрүү кеңири жайылган. Машина кайсы штаттарда жүргөн, кандай жол кырсыктарына кабылган, унаа ээси тейлөө борборлоруна канча барганы, айтор, баары катталат. Эгер авто оор кырсыкка кабылган болсо, ал жарактан чыгарылууга тийиш.

— Биздин өлкөдө кандай машиналар көп сатылат?

— Өткөндө эле кыргызстандыктар сырттан кандай автомобиль алдырышарын талдап көрдүм. Көбүнесе Toyota жана Lexus унааларына буюртма беришет экен. Кеңири таралышы боюнча алдыңкы саптагы Toyota Camry — чындап эле өтө ишенимдүү унаа. Майды да аз ичет, ремонту да арзан. Мындан тышкары, Camry зарыл болсо, сатууга да оңой.

Ошондой эле Mersedes менен BMW автолоруна да талап күч, бирок буларды тейлөө алда канча кымбатка түшөт. Chevrolet же Peugeot үлгүлөрү туурасында сөз кыла турган болсок, баасы кыйла төмөн болгонуна карабастан, аларды бизде көп кезиктирбейсиң. Анткени андай автолордун тетиктери өтө кымбат, ремонттоого ар бир эле мастер макул боло бербейт. Бир тааныш кызым Peugeot айдачу, машинасы бузулганда бир жыл бою автослесарь таппай койгон. Андай автомобилди оңдоону эч бир уста билбейт экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековДанияр Салякаевдин ишканасы чет өлкөдөн автомобиль ташыйт. Аларды атайын аукциондордон сатып алып, Бишкекке ташып келишет.
Унааны арзан сатып алуунун жол-жобосу. Машина ташып иштеген жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Данияр Салякаевдин ишканасы чет өлкөдөн автомобиль ташыйт. Аларды атайын аукциондордон сатып алып, Бишкекке ташып келишет.

— Бардык жагынан ыңгайлуу келген машинаны сатып алууга канча акча керектелет?

— YouTube-каналым үчүн ролик даярдаган элем: 500 долларга автомобиль сатып алуу маселесин койдум. Автобазарга такси менен барып, үйгө Mitsubishi Galant айдап кеткем. Албетте, люкс машина эмес, бирок азыркыга чейин жакшынакай жүрөт. Бир аз үнөмдөп койсо, ар бир адам өзүнө авто сатып аларын далилдегем.

Ыңгайлуулук даражасы боюнча кийинки сапта оң рулдуу автомобилдер. Алар 2-3 миң доллар турат. Кыргызстандыктардын 60 пайызы дал ушундай авто айдайт.

Кийинки орунда 5 миң доллардан өйдө турган автолор. Бул акчага кандайдыр бир деңгээлде люкс, сол рулдуу, автомат коробкалуу, булгаары салондуу машина сатып алууга болот. Мисал — 2002-2003-жылдары чыккан BMW же Mersedes унаалары. Алардын тетиги да арбын, машиналар жакшы, сапаттуу.

Эгер 8 миң доллардан ашык жумшоону пландап турсаңыз, чет өлкөдөн алдырганыңыз оң. Мисалга, 2008-жылы чыгарылган Honda CRV же Toyota RAV4 унааларын тандоого болот.

Колуңузда 10 миң доллардан ашык каражат болсо, анда эле жыргадыңыз. Негизи биздин рыноктун эң жогорку чеги — Lexus 570. Ал ишенимдүү, ага талап да күч. Андай аргымакка кеминде 25 миң доллар жумшоого туура келет.

Айтмакчы, Lexus 570 унаасынын чөнтөккө төп аналогу — Toyota Sequoia. Ушундай эле кыймылдаткычы, коробкасы менен жети орундуу бул унаа 15 миң доллардан башталат.

— Адаттан тыш буюртмалар болду беле?

Кыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов - Sputnik Кыргызстан
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
— 2015-жылы чыгарылган Ford Mustang автосуна буюртма берген кардар эсимде. Бул биз үчүн өтө сейрек автомобиль, борбор шаарда андайдан болгону үчөө бар. Себеби түшүнүктүү, биринчиден, бул машинанын жабдыктарын табыш татаал, экинчиден, аны кийин кайра сатыш кыйын. Мындай автого буюртма кылуу абдан тобокелдүү эле, себеби сатып алуучу каалаган учурда "Кечириңиз, мен жаңылышыпмын, машина сатып алууга акчам жок" деп баш тартып коюшу мүмкүн болчу. Ал өңдүү учурларда аукцион айып салат, же өз каражатыңа автомобилди сатып алып, кайра башка бирөөгө сатууң керек.

Ошентсе да ал машинага буюртма кылдык. Авто аябай кооз эле, аны көрүү үчүн бажыканачылардын баары сыртка чыгышкан. Унаа ээси дайым көпчүлүктүн көзүндө болот. Эскерте кетейин, эгер табиятыңыздан интроверт болсоңуз, андай машина сизге эч ылайыксыз.

— Жакында эле Москвада болдум, көк, кызыл, жашыл түстөгү автолордун көптүгү көзгө урунду. Ал эми кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүндө боз, ак жана кара унаалар...

— Кыргызстандыктарда эле эмес андай көрүнүш. АКШда маселен, ак түстөгү унаалар башкаларга салыштырмалуу кымбат. Бул абдан кир көтөрүмдүү, жамгырдан кийин да мындай унаа таза көрүнөт. Автосалон иштеткенимде кызыктуу бир бүтүмгө келгем: ак түстөгү унаанын ар кай жагы чийилген болсо да кымбат турат, ага карабай деле сатып алышат. Күмүш түстүү автолор да ошондой.

Кара түс кычырап көрүнөт, андай унааларда президенттерди ташышат. Бирок бир аз чаңдаса эле кара машина сынынан кайта түшөт...

© Sputnik / Табылды КадырбековСалякаев: эгер машина өзүңүзгө жакпай калса, анда сатып жиберип, ортодон пайда да көрө аласыз
Унааны арзан сатып алуунун жол-жобосу. Машина ташып иштеген жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Салякаев: эгер машина өзүңүзгө жакпай калса, анда сатып жиберип, ортодон пайда да көрө аласыз

— 2020-жылы Кыргызстанда импорттук автолорду бажылык жол-жоболоштуруу акысы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасындагы келишим менен бекитилген деңгээлге чейин көтөрүлүшү шарт. Андай учурда импорттук машиналар кымбаттайт. Ошентсе да Экономика министрлиги жеңилдетилген мөөнөттү узартууну сунуштоодо. Сиздин көз карашыңызда кырдаал базарга чагылдыбы?

— Бажы төлөмдөрү беш жыл мурун жогорулай баштаган, 2018-жылы ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автомобилдер дээрлик ташылбай калган. Кайрадан мурдагы тариф кайтканда миңдеген унааны импорттой башташкан. Албетте, бул анык бир ролду ойногон: машиналар кол жетерлик болуп, ал эми өлкөнүн автопаркы жаңылана түшкөн. Ошондой болсо да бул 8 миң доллардан ашык наркы бар кымбат автолорго тиешелүү. Автомобилдерди арзан ташуу дээрлик мүмкүн эмес: Европада да, АКШда да алар кымбат.

Предприниматели Жанболот Эламан уулу и Талгат Жаныбаев - Sputnik Кыргызстан
Айына 5 миң доллар тапчубуз! Жупуну үй-бүлөдөн чыккан эки жигиттин ийгилиги
Бюджеттик сектордогу, маселен, таксиге айдалган машианалар боюнча жагдай кейиштүү. Эстейт чыгарсыздар, беш жыл мурун бийлик оң рулдуу автомобилдерди ташууга тыюу салган. Алар базардагы эң арзан унаалардан эле, болгону 3-4 миң доллар турчу. Автопарк андан бери жаңылана элек, ал эми машиналардын абалы жакшыртууга муктаж. Бул жылдар аралыгында андай автолор арзандаган да жок, базарда алардын таңкыстыгы бар. Тилекке каршы, мындан ары да алар пайдаланыла берет, себеби башка альтернативасы жок.

— Кыргызстанда бажы төлөмдөрү кайрадан көтөрүлсө, кырдаал кандай өзгөрөт?

— Россиядан машина ташыйбыз. Албетте, алардын баасы жогорулайт, анткени Россияда автомобиль бизге караганда бир аз кымбат турат. Белгилүү бир автонун таржымалын билүүгө мүмкүндүк бере турган системанын жоктугу көйгөй жаратат. Балким, ал уурдалган унаадыр. Мүмкүн, мурда сүзүлгөндүр.

— Өлкөгө бюджеттик автомобилдер дээрлик ташылбай калганын айттыңыз. Россия менен Өзбекстандан келген машиналар арзан япон унааларын алмаштыра алабы сиздин оюңузча?

— Кеп алардын япон унааларындай арзан болбогондугунда. Эң аз комплектациядагы жаңы өзбек Ravon унаалары 7 миң доллар турсун дейли. Биздин жарандар азырынча мындай сумманы көтөрө албайт.

Жергиликтүү банктар автомобиль үчүн насыя бергенден чочулаганы да кырдаалды курчутат, балким, киши эртең жол кырсыгына кабылсачы? Машина насыясын кантип төлөп бүтөт? Мындай шартта камсыздандыруу жардамга келет, бирок биздин коом ага азырынча даяр эмес.

Завод куруу менен көйгөйдү жоерубузга ишенем. ЕАЭБдин аркасы менен биз бул тарапка арыш таштай алабыз. Көп жыл мурун чет элдик инвесторлор менен кезиккенимде, алар Кыргызстанда рынок өтө чакан экенин белгилеп: "5 миң автомобилди чыгарып сата алабыз, бирок андан кийин аларды ким сатып алат?" – дешкен. ЕАЭБге мүчө болуп киргени республикада бул маселе өзүнөн өзү жоюлат, биз ошол эле электромобилди өндүрүп, аларды Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россияга жеткирүүгө жөндөмдүү болобуз.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалякаев: 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry аукцион аркылуу 8 миң долларга айланса, Бишкектен сатып алсаңыз, 10-12 миңге чейин чыгат
Унааны арзан сатып алуунун жол-жобосу. Машина ташып иштеген жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Салякаев: 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry аукцион аркылуу 8 миң долларга айланса, Бишкектен сатып алсаңыз, 10-12 миңге чейин чыгат

— Электромобилдерди ушул тапта эч кандай бажы төлөмдөрүсүз өлкөгө ташууга болот, бирок Кыргызстанда аларды сатып алышабы?

— Өзүмдүн Nissan LEAF үлгүсүндөгү машинам бар эле, электромобилдердин арасында кеңири таралган. Мыкты унаа! АКШда 4-5 миң доллар турат, бул жерде ташып келингени менен 8 миң доллардын тегериндеги баада болот. Башта андайга оюнчук автодой карачумун, ал менин балалыкта ойногон оюнчуктарымды эске салчу. Кийин алар бөлөк автолордон кем калышпаган кадимки унаа экенин аңдадым.

— Аны кантип кубатташары кызык боло берет. Терезеден узарткыч менен розеткасы чыгарылабы?

— Ошондой сыяктуу эле. Толук энергия алышына беш сааттай кетет, ал 130 чакырым жүргөнгө жетет. Башкача айтканда, машина күнүмдүк колдонууга эң ылайык унаа: таңда бала бакчага, мектепке, жумушка... Менин унаамдын бир жолку заряды үч күнгө жеткен.

Бизнесмен в офисе - Sputnik Кыргызстан
Omks баракчасынын ээси: атактуулардын көбүн жок кылып койчу видеолор бар
Гаражда кубаттачумун, электр чыгымын так билүү үчүн ал жакка атайын эсептегич орнотком. Айтмакчы, электромобиль — болуп көрбөгөндөй үнөмдүү транспорт. Айына болгону 300 сом сарптачумун, маршрутка жол киресинен да аз. Бир жылда бензинден 300 доллар үнөмдөгөм, бул убакыт аралыгында 5 миң чакырым жол жүрүпмүн. Айрымдар беш эсе узун жол жүрөт, демек, жылына 1500 доллар сарамжалдап калууга болот. Менимче, бул сонун эмеспи.

— Шаардын чет-жакасында батареясы өчүп калса эмне болот?

— Албетте, Ысык-Көлгө жете албайсыз, себеби, тилекке каршы, жол боюнда кубаттоочу станциялар жок. Маршрутту алдын ала тактап, эсептеп алуу зарыл. Өзүмө Tesla буюртма кылсамбы деп ойлоп жатам, ал бир жолку кубаттоо менен 300 чакырым жүрө алат. Бирок андай машина өтө кымбат, АКШда алар 30 миң доллар турат.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалякаев: Кыргызстанда кырсыктан кийинки автомобилди сатып алган адамдар бар, алар оңдоп-түзөп, кайра сатыкка чыгарышат
Унааны арзан сатып алуунун жол-жобосу. Машина ташып иштеген жигиттин баяны - Sputnik Кыргызстан
Салякаев: Кыргызстанда кырсыктан кийинки автомобилди сатып алган адамдар бар, алар оңдоп-түзөп, кайра сатыкка чыгарышат

— Кандай пикирдесиз, кыргызстандыктар электромобиль айдайбы?

— Ооба, келечеги бар. Алар  экологиялык жактан абдан таза, биздин газга ууланган калаага жетишпей турган авто. Көп өлкөлөрдө электр унааларынын айдоочулары үчүн жолдо атайын тилкелер, акы алынчу трассаларда бекер айдоо сымал артыкчылыктары бар...

Кыргызстан мунай өндүрбөйт, ал эми электр бизде жетишерлик. Бир-эки жылдан соң электромобилдердин саны арбыйт деп ишенем.

— Кыргызстанга автомобиль сырттан ташылып келери менен анын катализаторун алып салышарын уккам. Ушул түзүлүш абага уулуу газдардын таралышын азайтат, анын автодо сөзсүз болушу – бир топ өлкөлөрдө милдеттүү талап...

— Чындыгында унаадан чыккан газдын зыяндуу заттары катализаторго түшөт. Аныгында аны өзүнчө эки-үч миң сомго сатышат, себеби бул түзүлүштүн курамында платина арбын.

Катализаторлорду чыгарып алуунун бөлөк себеби да бар: 20 жыл айдалгандан кийин алар иштен чыгат, машиналар бузулуп, майды да көп иче баштайт. Катализаторду чыгарып салганда автомобиль кайра жакшы жүрүп калат.

Андан биздин балдар жапа чегишет. Шаардын үстүндөгү түтүндү карагылачы! Азыркы учурда дүйнөдө экологиялык ченемдер коюлууда. Эски жана бузук машиналарды айдаган адамдар жогорулатылган салык төлөөгө мажбур, айрым шаарларда борбордук көчөлөргө алардын киришине тыюу салынат. Өз үйүбүздү коргой турган убакка жетерибизге үмүт кылам. Бизге табият баарын көтөрчүдөй туюла берет, бирок биз жаратылышты балдарыбыз үчүн сактоого тийишпиз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0