Балалуу келинге арзып калдым, бирок ата-энем каршы... Бойдок жигиттин каты

© AFP 2023 / ANNE-CHRISTINE POUJOULATТюрьма для женщин с детьми во Франции
Тюрьма для женщин с детьми во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында балалуу келинге арзып калган бойдок жигиттин каты жарыяланды.

Кучакташып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Досумдун жубайы бассам-турсам оюман кетпей койду... Эркектин каты
Жашым 30дан ашып баратат үйлөнө элекмин. Ата-энем, туугандарым "үйлөн" дей берип тажашты. Окуумду бүткөндөн кийин иштеп жүрдүм, андан соң үйдү ремонттоп, унаа алайын деп жүрүп ушул болуп кетти. Жаш өткөндөн кийин кыздарга болгон талап күчөп, бир жери жакпай калса эле сүйлөшкүң келбей калат экен. Анын үстүнө ата-энем менен калчу баламын. Азыркы кыздар башкача, өзүнчө жашагысы келет, тие элек жатып талаптарын айтат. Айтор, кебетеси жакса, мүнөзү жакпай, мүнөзү жакса дагы бир жери жакпай эле тандап жүргөм.

Бир күнү, тагыраагы беш ай мурда, көңүлүмө жаккан кыз менен кокустан таанышып калдым. Бир көргөндө эле жактыргам, артынан калбай жүрүп бир айдан кийин тилин таап сүйлөшө баштагам. Оор басырыктуу, келбети да жакшынакай, түшүнүктүү жан экен. "Ушул кызга үйлөнөм" деп кудуңдап жүрсөм баласы бар экен, мурда күйөөгө тийип чыгыптыр. Мен ал келинди чындап жакшы көрөм.

Өткөндө ата-энеме чет-четин чыгарсам чалкасынан кетишти. "Элдин бетин кантип карайбыз, бирөөнүн баласы сага бала болуп бермек беле" деп апам кейиди. Атам дагы "кыз калбай калыптырбы" деп урушуп койду.

Бала кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы жолдошумду же күтөрүмдү, же кетеримди билбейм... Келиндин каты
Эмне кылышты билбей жатам. Ал келин менден эки жаш кичүү. Кызы беш жашка чыгыптыр, ата-энеси карап берет экен. Өзү болсо дүкөндөрдүн биринде соода кылып, кийим сатат. Күйөөсү көп ичип кол көтөргөнүнөн кетип калганын айтты. Мага оңой менен адам жакчу эмес. Бул келинди кантип жактырып калганымды өзүм да билбей калдым. Апам "башыңды айлантып алган го" деп жаман көрүп жатат, бирок мен арзыган аял андай эмес. Жөнөкөй, токтоо.

Ата-энемди көндүрүп эптеп алсамбы же балалуу келиндин кийин көйгөйү көп болуп калабы? Кандай чечим кабыл алсам туура болот?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Кыргыздын канына "эл эмне дейт", "бойдок жигит балалуу келинге кантип үйлөнсүн" деген стереотиптер сиңип калган. Албетте, ата-энеңиз дагы сиздин бактылуу болушуңузду ойлоп жатат. Бирок алар көбүнчө элдин кеп-сөзүнөн кооптонуп жаткандай. Эл бир айтат, эки айтат, андан кийин ар кимдин өз жашоосу өзүндө. Биринчи кезекте өзүңүзгө караңыз. Биринчи суроо: ал адам менен үй-бүлө кура аларыңызга көзүңүз жетеби?

Офисная работа - Sputnik Кыргызстан
Башкага башы байланган кесиптешимди сүйүп калдым... Кыздын каты
Үй-бүлө куруу чоң жоопкерчилик. Андыктан баарын жакшылап ойлонуңуз. Чечимди шашпай кабыл алыңыз. Байкаңыз, сүйлөшүңүз, анын да оюн билиңиз. Ата-энеңиз каршы болуп жатса тааныштырып көрүңүз. Күйөөгө тийбеген кызды сүйбөй алсаңыз, аны менен бактылуу болуу кыйын. 30 жаштан ашканча кыз жактырбай эми бирөөнү жакшы көрүп калсаңыз, демек, бул жөн сезим эмес. Ал келиндин ою менен да эсептешиш керек. Балким, анын пландары башкадыр. Айтор, суроо көп. Жакшы адам болсо ата-энеңиз деле көнүп кетет. Башкысы — экөөңөрдүн мамилеңер.

Чечимди сиз гана кабыл ала аласыз. Жаш эмес экенсиз, бардык нерсеге жакшылап анализ жасасаңыз эле баары өз ордуна келип калат деп ойлойм.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0