Ок атылган Максат айылынын окуучулары менен психологдор иштөөдө

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы чырдан улам мектепке келтирилген материалдык зыян эсептелип, акт түзүлдү. Чыгым 129 миң 500 сом деп аныкталды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат орто мектебинин окуучуларына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатканын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек арада жайгашкан айылдын мектебине психолог менен райондук билим берүү бөлүмүнөн атайын адис жиберилген.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин окуучулар арасында олуттуу стресске кабылгандар жок. Ата-энелерде бир аз чочулоо байкалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Оңой болгон жок. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы
Белгилей кетсек, Максат мектебинде окуу процесси 19-сентябрда жанданган. Бүгүн 196 баланын 112си сабакка келгени айтылат. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Ал ортодо чек арадагы чырдан улам мектепке келтирилген материалдык зыян эсептелип, акт түзүлдү. Чыгым 129 миң 500 сом деп аныкталды.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 16-сентябрь күнү кечке жуук чыгып, ок атылып, натыйжада Кыргызстандан бир жоокер каза тапкан. 13 киши жарадар болуп, 10у Бишкекке алып келинген. Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0