Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан кырсыктын бети эмнеге ачылбай жатканы айтылды

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРЖогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгы
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, төрт адам каза болгон.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгы боюнча тергөө иштери аяктап калды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Алтай Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, учурда комиссиялык экспертиза жүрүп жатат.

"Учурда тергөө иштери аяктап калды. Бир катар адистер дыкат текшерүүдө. Мындан сырткары, автотехникалык, трасологиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Буюрса жакынкы арада иштин бети ачылат", — деди Исмаилов.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, төрт адам каза болгон.

Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу
Окуя Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун бет маңдайында болгон. Милициянын билдиргенине караганда, BMW Бостери тараптан Чолпон-Атаны көздөй келе жатып, артка бурулууга белсенген Lexus машинасын капталга сүзгөн. Жеңил унаанын ичинде төрт, кроссоверде үч киши болгон. Кырсыктын кесепетинен Lexus унаасында отурган эки жигит мүрт кеткен. Үчүнчүсү ооруканада үзүлүп, төртүнчүсү эки күн комада жатып көз жумган.

Ал эми BMW унаасындагы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу жаракат алган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0