14:31 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Кыргызстандын ири тоо-кендериндеги алтындын корун бекиткен геология-минералогия илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов

Кумтөрдө алтын бар экени аң уулап жүргөндө билинген. Геолог Осмонбетовдун маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2159 0 0

Ардагер-геолог Кыргызстанда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлбөгөн жерлер арбын экенин айтып, баалуу таштарды, металл жана минералдарды каалаган адам таба аларын кошумчалады.

Кыргызстандын ири тоо-кендериндеги алтындын корун бекиткен геология-минералогия илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов кыргыз тоолорунда тапкан алтын, кочкул көк түстөгү лазурит ташын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына көрсөтүп, кызыктуу маек куруп берди.

— Кымбат баалуу кенчти табууга ким гана кызыкпайт. Жеке мен үчүн бул тармактын сырлары көп. Адискөй геолог катары башталгыч издөөчүлөргө кандай кеңеш берер элеңиз?

— Улуу Ата Мекендик согуш убагында кыргыз тоолорунан таза уюган 87 грамм алтын табышканын жакшы билем. "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомун Дастан Сарыгулов жетектеп турганда, 1998-жылдары, аталган мекеменин кызматкерлери Солтон-Сары жактан табигый шартта кошулмасы жок таза алтын тапкандарын гезитчилер жазышкан. Ал табылганын салмагы так эсимде жок.

Геолог катары мен өзүм элүү чакты сымап топтолгон жерлерди аныктагам. Ал кезде СССР боюнча биринчи орунда турган 5 тонна сымаптын запасы бар Ноокат районундагы Чоң-Кой кени иштетилчү. Дагы бир табылгамды үйдө сактап жүрөм. Ал кочкул көк түстөгү баалуу лазурит ташы. Мындан сырткары, курамында алтыны бар чакан тоо тегин дагы сактап жүрөм. Айтор, Кыргызстандын тоолорунда кенчтин каалаган түрүн тапса болот. Ал үчүн издөөчүдө геология, минералогия илимдери жаатында бир аз түшүнүк болушу керек.

Профессор, доктор геолого-минерологических наук Кубат Осмонбетов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кубат Осмонбетов: Кыргызстандын тоолорунда кенчтин каалаган түрүн тапса болот. Ал үчүн издөөчүдө геология, минералогия илимдери жаатында бир аз түшүнүк болушу керек.

— Кен казуудагы азыркы шарт менен мурункуну салыштырып болбойт болсо керек.

— Советтер Союзу урап кетпегенде уран, алтын, сымап, сурьма кендеринен башка алмаз чыккан жерлерге геологиялык чалгындоолор жүргүзүлмөк. Кыргызстан курамы катуу минералдарга абдан бай. Өлкөнүн беш жеринде, Кемин району, Жалал-Абаддын Макмал тарабында, Талас жергесинде, Ноокатта, Ат-Башынын Таш-Рабат кербен сарайына жетпеген бөлүгүндө алмаздын "эклогит" түрү кездешет.

СССР кезинде издөөчүлүк кылуу ыңгайлуу эмес болчу. Кокусунан табылган баалуу таштын, минералдын же металлдын салмагы 10 граммдан ашса, автоматтык тартипте мамлекетке өткөрүлчү. Табылга элдин мүлкү катары музейлерге көргөзмөгө коюлчу. Азыр мындай тоскоолдуктар жок. Тапканың сеники.

Акыркы жылдары күч органдары нефрит, рубин сыяктуу аткезчилик жол менен ташылып бараткан баалуу таштарды четинен кармап жатышат. Кайсы бир жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында көлөмдүү нефрит ташы табылды деп ызы-чуу чыккан. Аны башкаларга тарттырып ийбеш үчүн кайтарып да жүрүштү. Кийин кимдир бирөө ал таштын нефрит эмес экенин айткандан кийин тынчып калышты. Чоң резонанс жараткан таш тууралуу бүт дүйнөгө чуу чыгарыш керек беле? Балким көлдөгү табылга чындап эле наркы кымбат нефриттир. Баалуу таштарды беш манжасындай жакшы тааныган адисти чакырып, катуу текти ордунан чыгарып, ортосунан кесип, изилдеш керек болчу. Болбосо бизде нефрит сыяктуу баалуу таштар абдан көп. Өзгөчө Памир тоо кыркаларында лазурит (кочкул көк түстөгү Бухара ташы) арбын. Аны тажикстандыктар тик учак менен барып, чогултуп жүрүшөт.

Профессор, доктор геолого-минерологических наук Кубат Осмонбетов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Геолог Осмонбетов: СССР убагында Москва сөзгө ишенчү эмес. Изилдөөнүн жыйынтыгы өндүрүштүк долбоорго түшүрүлүп, борборго жөнөтүлчү. Кагазда көрсөтүлгөн алтындын запасы боюнча божомол туура чыкпай калса, өндүрүштүк долбоордун автору, башкы геолог, анын жетекчиси жана башка майда кызматкерлер 10 жылдан кем эмес мөөнөткө соттолушчу.

— Кыргызстандын алтын кендери жөн жерден табылбаса керек. Алардын дээрлик бардыгы СССР тушунда ачылган. Ал кезде бүгүнкүдөй техника жок. Тоо кыртышындагы алтындын запасы кантип аныкталчу эле?

— Мен башкы геолог болуп 25 жылдай эмгектендим. Тоо кендерин аныктоо оңой иш эмес. Илимий жамааттык эмгек. Жөнөкөй издөөчүлөр сыяктуу эле окумуштуулар да алгач тоолорду кезип отуруп, капысынан курамында алтын уюган тоо тектерин таап калышса, ал жерге ондогон адистен турган экспедициялык топ барат. Алар жумалап жерди чукуп, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшөт. Бул учурда алардын мойнуна чоң жоопкерчилик жүктөлөт. СССР убагында Москва оозеки божомолдорго ишенчү эмес. Изилдөө иштеринин жыйынтыгы өндүрүштүк долбоорго түшүрүлүп, борборго жөнөтүлчү. Кагазда көрсөтүлгөн алтындын запасы боюнча божомол туура чыкпай калса, өндүрүштүк долбоордун автору, башкы геолог, анын жетекчиси жана башка майда кызматкерлер 10 жылдан кем эмес мөөнөткө соттолушчу. Мындан сырткары, туура эмес божомолдогон геологдун ысымы коомго жайылып, расмий түрдө уятка калчу. Биз жогору жактагылардын жагымсыз мамилесине кабылбаш үчүн алтындын корун болушунча азыраак кылып жазчубуз.

1971-жылы мени Кыргыз ССРи боюнча башкы геолог кызматына дайындашты. Кен иштерин пландаштырып, материалдык чыгымдарды көзөмөлдөп, геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына жооп берчүмүн. Ал убакта алтын кен боюнча маалымат мамлекеттик купуя сыр болгон. Азыркыдай Жер-Үй, Кумтөр деп эркин айта алчу эмеспиз. Жада калса, кайсы жерде, эмне боюнча иштеп жатканымды жубайым да билчү эмес. Мен башкы геолог катары Кыргыз ССРинин аймагындагы алтын кендерин каржылоонун көлөмүн 21 миллиондон 65 миллион рублга чейин көтөрө алдым. Бул чалгындоого, изилдөөгө, табууга кете турган каражат. Ал акча азыр 75 миллион доллардын тегерегинде болмок. Анткени бир рубль 90 центке барабар болчу.

Профессор, доктор геолого-минерологических наук Кубат Осмонбетов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Осмонбектов: биринчи болуп 1975-жылы Жалал-Абаддагы Макмалды таптык. Бул кендеги алтындын корун 40 тонна деп божомолдоп, өндүрүштүк долбоорду Москвага жөнөттүк. Мамлекеттик комиссия жактыргандан кийин ишти улантууга акча бөлүндү.

— Кыргызстандагы кайсы алтын кени биринчилерден болуп ачылды?

— 1975-жылы Жалал-Абаддагы Макмалды таптык. Бул кендеги алтындын корун 40 тонна деп божомолдоп, өндүрүштүк долбоорду Москвага жөнөттүк. Документтер толгон-токой мамлекеттик мекемелердин текшерүүсүнөн өтчү. Биз прогноздогон кендин көлөмүн эч бир органга көз каранды болбогон, корлор боюнча мамлекеттик комиссия жактыргандан кийин ишти улантууга акча бөлүндү. Биз үчүн бардыгы ийгиликтүү бүттү. Азыркы учурда Макмалдан биз көрсөткөндөн дагы көбүрөөк баалуу металл казып алышты. Макмал — Кыргызстандагы ишке берилген биринчи кен болуп калды. Ага чейин өлкөнүн аймагында бир дагы алтын казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Талас облусундагы Жер-Үй алтын кенинде баалуу металлдарды 1971-1972-жылдары табышкан. Андагы алтындын запасы 95-100 тонна деп болжолдонуп, 80-жылдары расмий борбор тарабынан жактырылган. Өндүрүштүк долбоорду Москва колдогондон кийин Жер-Үй тарапка жолдор салынып, дымактуу иштер пландаштырылган. Эмнегедир Союз ураганга аз калганда кызуу башталган иш 30 пайызга чейин басаңдай түштү. Сыягы, жетекчилер мамлекетти ири саясий өзгөрүүлөр күтүп жатканын билишкендей. Болбосо ал жердин алтынын казып алуу өтө жеңил. Кыска убакыттын ичинде 100 тонна алтындын бардыгын өндүрүшмөк. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетти. Бирок баары бир колдогу алтындын баркын билбей, өлкөдөгү экинчи ири кенди иштете албай отурабыз. Андан кийин Иштамберди, Терек-Сай, Талды-Булак кендери ачылып, алтындын кору бекитилди.

— Кыргызстандагы эң ири алтын кени — Кумтөр экени шексиз. Андагы алтындын запасы 700 тонна экени сиздерге ошол убакта эле маалым беле?

— Кумтөр кенине кеңири токтолбосо, эки сөз менен түшүндүрүү кыйын.

1979-жылы алтындын кору боюнча өлкөдөгү эң чоң кендин изине түштүк. Анын тарыхы өтө кызыктуу. Геолог Владимир Бурцев баш болгон төрт адис аң уулап, тик учак менен Кумтөр тарапка барып калышат. Ал жерде Володя минералдашкан аймакты байкап калат. Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктен кийиктин этин алып келгендин ордуна 40 даана сульфит (органикалык эмес күкүрт кислотасынын тузу — H2SO3) ала түшөт. Аны лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, курамында алтын бар экени аныкталган соң башкы геолог — мага чуркап келет. Мен Кумтөрдөгү минералдашкан аймакка дагы бир ирет барып, бир метр тереңдиктеги жер кыртышын изилдеп көрүүнү айткам.

1981-жылы изилдөө иштерин өздөрү жүргүзүштү. Мен башкы геолог катары макулдугуму берип, чалгындоо иштерине кийлигишкен жокмун. Кумтөрдө алтын издеген окумуштуулар Лысый мөңгүсүнүн муз баспаган аралчасын чукуп кирип, алтыны аз рудага туш болушкан.

1982-жылы он чакты геологдун коштоосунда тоо башына өзүм чыгып барып, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүздүк. Көрсө, жер кыртышын тигинен эмес, 40-45 градус жантайтып казуу керек болчу экен. Ошондо Кумтөрдөгү алтын жерге ширелип калганына күбө болдук. 1983-жылы алтындын запасын 516 тонна деп эсептедик.

Профессор, доктор геолого-минерологических наук Кубат Осмонбетов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Геолог Осмонбетов: Кумтөр кени биз үчүн абдан чоң ачылыш болду. СССР убагында деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан 10 чакты алтын кени ачылып, иштетилип жаткан. Кумтөргө Союз үлгүрбөй калды.

— Эгер Кумтөрдөгү алтындын кору 1983-жылы 516 тонна деп бекитилип жатса, эмнеге Советтер Союзу өндүрүш иштерин ошол замат баштаган эмес?

— Кумтөр кени биз үчүн абдан чоң ачылыш болду. СССР убагында деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан 10 чакты алтын кени ачылып, иштетилип жаткан. Кумтөргө Союз үлгүрбөй калды. Улуу держава урады. Ал эми бизге ыйгарылчу даңкка ашыгып, ат салышкандар четтен чыга келишти. Алардын аракети менен мени 1987-жылы башкы геолог кызматынан башка конторага которуп жиберишти. Геология-минералогия илимдеринин докторлук наамын жактоо үчүн жазган эмгектериме бут тосушту. КГБ кызматкерлери келип, эмгек таржымалымды башынан аягына чейин текшеришти, бирок эч нерсе табышкан жок. Ошентип мен Кумтөрдөгү алтындын корун бекитүүгө кол койбой калдым. Кийин тунгуч президент Аскар Акаевдин учурунда өкмөт канадалык инвесторлорду таап келди. Алардын эмне кылганын айтпаса деле жалпыга маалым.

— Ошентсе да Кыргыз ССРи учурунда ири кендерди ачып, алтындын запасын бекиткениңиз үчүн мамлекеттик сыйлыкка ээ болдуңузбу?

— Мен күткөндөй эмес. Геолог катары Кыргыз ССРинин тушунда Кызыл Туу ордени жана 3-4 медаль менен сыйландым. Андан сырткары, мактоо баракчаларына ээ болдум. Болгону ошол. Макмал, Терек-Сай, Иштамберди, Жер-Үй, Талды-Булак, Кумтөр кендерин биринчилерден болуп ачып, алтындын запасын бекиткен бир дагы геолог татыктуу деңгээлде сыйланган жок. Алардын бир бөлүгү дүйнө салышты, айрымдары Кыргызстандан көчүп кетишти, мага окшош жолу жоктор жүрүшөт.

Азыр Үсөнгазы Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтунда сабак берем. 4000 сом айлык алам. 1995-жылдан бери ардактуу пенсионермин, алган акчам өзүмө жетет.

Профессор, доктор геолого-минерологических наук Кубат Осмонбетов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кубат Осмонбектов Үсөнгазы Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтунда сабак берет. Айлыгы — 4000 сом. 1995-жылдан бери ардактуу эс алууда.

— Бүт өмүрүңүздү геология илимине арнаганыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Жок, эч качан өкүнбөйм. 1940-жылдары мен бала кезимде Нарындын Ак-Талаа районунда чакан "кукурузник" учактары учуп калчу. Ал техника СССР Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына таандык экенин кийин билдик. Учактагылар Кыргызстандын топографиялык картасын түшүрүп жүргөндүгүн билдик. Бизге аны узун сакалчан, бойлуу келген геологдор айтып беришти. Көрсө, согуш жылдары эле советтик геологдор биздин тоолорго кызыгышчу тура. Тоо кыркалары менен капчыгайларды жакшы билген Жусубали аттуу чабан геологдорго жол көрсөтүп, киреше таап, элден жакшыраак жашачу. Мен тоо кыдырган бөтөн адамдарды көрүп жүрүп, геологияга болгон кызыгуум бала кезимде эле ойгонду. Атам мени соодагер кылам дегенине көнбөй Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырдым. Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрбөсөм дагы 4-5 деген баага окуп, 450 рубль степендия алчумун. Менин геологдук талантым окуу практикаларында ачылды. Алгач Кеминдеги туз чыккан жерди изилдедик. Кийин уранды чалгындоочу топко кошулдук. Университетти бүткөндө сымап жана сурьма казган жерлерде иштедим.

Азыр 84 жаштамын. Тилекке каршы, жаш кезимде алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдарга кызыккан эмес экенмин. Сымап, сурьма издеп жүрө берипмин. Эгер азыркыдай билимге ээ болуп, күчкө толуп турганда тоолорду кыдырып, баалуу металлдарды, таштарды издемекмин.

Учурда өзүмөн кийинки муунга мурас калтыруунун үстүндө иштеп жатам. Макмал алтын кени боюнча өзүнчө китеп жазып, өз каражатыма басып чыгардым. Жакында Кумтөрдүн алтыны тууралуу эмгегим жарыкка чыгат.

Тема боюнча

Аксыдагы талашка түшкөн "Ак-Моло" кени. Эки компаниянын чырын ким чечет
Коңшулар ири аэропорт куруп, жаңы автоунаа чыгарганы жатат. Кыргызстанчы?
Белгилер:
чалгындоо, "Макмалалтын" комбинаты, Жер-Үй, Жер-Үй алтын кени, Кумтөр, алтын, геология, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ