Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБелгилүү партиялык, коомдук ишмер Апас Жумагулов. Архив
Белгилүү партиялык, коомдук ишмер Апас Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү партиялык, коомдук ишмер Апас Жумагуловдун туулган күнү. Өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган илимпоз 85 жашка толду.

Жөнөкөй жумушчудан баштап элчи, депутат, өкмөт башчы болгон инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги куттуктап, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Согуш жылдарындагы балалык. Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалык кези Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип атасы фронтко аттанса, энеси катуу ооруп калган. Тестиер бир тууган эжеси менен күнү-түнү колхоздогу саан уйларды карап, төшөктөгү энесин баккан. Ал үчүн окууну да таштоого туура келген. 1945-жылдын соңунда атасы согуштан аман-эсен келип, кайра мектепке бара баштаган.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАпас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген.
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген.

Өжөр жигит. 1949-жылы борбор калаадагы мектеп-интернатта билим алып, кийин өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өтүп кетет. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан студент бөтөн жерде акчанын тартыштыгынан кичи мекенине жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп курсагын тойгузуп, өз тиричилигин өткөргөн. Жогорку окуу жайды 1958-жылы инженер-геолог адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган. Андан соң ошол эле ЖОЖдо аспирантураны окуп, бир нече жерде лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер кызматтарын аркалаган.

Усубалиевдин көзүнө илинип... Жаш, кесипкөй адиске Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин көзү түшүп, аны 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырат. Кийин алты жыл Компартиянын катчысы, 1985-86-жылдары Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болуп, беш жыл бою Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болот. Геология-минералогия илимдеринин доктору Жогорку Советке бир нече жолу депутат болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өткөн.

© Sputnik / Александр Макаров / Медиабанкка өтүүЖаш, кесипкөй адиске Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин көзү түшүп, аны 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган.
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Жаш, кесипкөй адиске Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин көзү түшүп, аны 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган.

Өкмөт башчыга чейин... Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, ошол эле облустун элдик депутаттар кеңешинин төрагасы болгон. 1993-жылдын декабрынан 1998-жылдын март айына чейин КРдин өкмөтүн башкарган. Ага Жогорку Кеңеш үч жолу ишеним көргөзүп, Кыргызстандын тарыхында Апас Жумагулов эң узак убакыт (төрт жылдан ашык) премьер-министр кызматын аркалаган. Ал учур жаш эгемен мамлекет үчүн оор жылдардан эле, Жумагулов өз атын булгабай мыкты чарбакер экендигин көргөзө алган.

Элчи, илимпоз... Апас Жумагулов 50 жылдан ашык түрдүү кызматтарда эмгектенген. Беш жыл Германияда, эки жыл Россияда Кыргызстандын элчиси болуп дайындалган. Аны менен биргеликти коомдук ишмер илимди аркалап 50дөн ашык илимий эмгек жазган. Апас Жумагулов Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү бир катар ЖОЖдордун академиги болгонго жетишкен.

© Sputnik / Филатов / Медиабанкка өтүүМамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси.
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси.

Кеменгер аксакал. Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет. Замандаштары менен шакирттери анын адилеттүүлүгүн, иш билгисин баса белгилейт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0