Бейшемби күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровАла-Тоо аянты. Архив
Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-сентябрда республикада күн ачык болот. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык агенттиги билдирди.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бейшемби, 19-сентябрда, түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүйдө +24… +29, Талас аймагында +23…+28, Нарында +17…+22, Ысык-Көлдө +16…+21, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31 градус ысыйт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +27…+29 , Ошто +28…+30 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0