Лев Толстой көчөсү качан оңдолуп бүтөрү белгилүү болду

© пресс-служба мэрии города БишкекСтроительные работы по улице Льва Толстого в Бишкеке
Строительные работы по улице Льва Толстого в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриядан жолду оңдоодон тышкары ага эстакадалык көпүрө куруу каралганын белгилешти. Иштер жакынкы күндөрү жанданат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Лев Толстой көчөсүн ноябрь айына чейин оңдоп бүтүүнү пландаштырып жатат.

Жакыны күндөрү аталган көчөдөгү курулуш иштери кайрадан башталып, эстакадалык көпүрө бетон менен асфальтталат. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү оңдоо иштери
Лев Толстой көчөсү качан оңдолуп бүтөрү белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү оңдоо иштери

"Лев Толстойдогу курулуш иштери Ауэзов жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишине чейин октябрь айынын этегинде толугу менен бүтөт. Ушул эле убакта "Технотоп" ишканасы Достоевский жана 7-апрель көчөлөрүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоону убадалады. Эгер аба ырайы жакшы болсо, бул аймактагы курулуш иштери ноябрга чейин, ал эми Лев Толстой көчөсү жыл аягына чейин оңдолуп бүтөт", — деп айтылат маалыматта.

Узуну 95 метр, туурасы 18 метр болгон эстакадалык көпүрө Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш тарабын бириктирип турмакчы.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0