Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы

Жазылуу
Бул тилкеге жылуулук, суу жана канализация түтүктөрү коюлат. Мэрия шаардыктарга келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Абдымомунов көчөсүнүн Исановдон тарта Тоголок Молдого чейинки бөлүгү 10-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аталган тилкеге жылуулук, суу жана канализация түтүктөрү коюлмакчы. Бул иштер бүткөндөн кийин жолдун асфальтталган бөлүгү кайра калыбына келтирилет", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" максатындагы долбоордун экинчи фазасындагы иштердин алкагында аталган тилкени толугу менен реконструкциялоо каралган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0