Баткенден алынган сүрөттөр. Абылгазиев эл жана чек арачылар менен сүйлөштү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Баткенскую область
Рабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномёт менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугуп, чек ара маселесин жөнгө салуу көңүлдүн борборунда тургандыгын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с жителями села Максат Лейлекского района Баткенской области.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугуп, чек ара маселесин жөнгө салуу көңүлдүн борборунда тургандыгын айтты - Sputnik Кыргызстан
1/7
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугуп, чек ара маселесин жөнгө салуу көңүлдүн борборунда тургандыгын айтты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил пограничный пост "Максат" и пообщался с его личным составом.
Премьер-министр айылдагы чек ара чырынан улам түзүлгөн абал менен таанышкан - Sputnik Кыргызстан
2/7
Премьер-министр айылдагы чек ара чырынан улам түзүлгөн абал менен таанышкан
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМухаммедкалый Абылгазиев посетил пограничный пост "Максат"» и пообщался с его личным составом.
Өкмөттүн мамлекеттик чек араларын делимитация, демаркациялоо иштерин күчөтүп, талаш тилкелер боюнча пайдалуу макулдашууга жетүүгө аракеттенип жатканы айтылды - Sputnik Кыргызстан
3/7
Өкмөттүн мамлекеттик чек араларын делимитация, демаркациялоо иштерин күчөтүп, талаш тилкелер боюнча пайдалуу макулдашууга жетүүгө аракеттенип жатканы айтылды
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев Пограничный пост "Максат" в Лейлекском районе Баткенской области.
Абылгазиев Максат чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти - Sputnik Кыргызстан
4/7
Абылгазиев "Максат" чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЛичный состав пограничного поста "Максат"
Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы Бөрү отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты - Sputnik Кыргызстан
5/7
Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил пограничный пост "Максат" и пообщался с его личным составом.
Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномёт менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты - Sputnik Кыргызстан
6/7
Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномёт менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПограничный пост "Максат" в Лейлекском районе Баткенской области.
Андан соң Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Андан соң Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
1/7
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугуп, чек ара маселесин жөнгө салуу көңүлдүн борборунда тургандыгын айтты
2/7
Премьер-министр айылдагы чек ара чырынан улам түзүлгөн абал менен таанышкан
3/7
Өкмөттүн мамлекеттик чек араларын делимитация, демаркациялоо иштерин күчөтүп, талаш тилкелер боюнча пайдалуу макулдашууга жетүүгө аракеттенип жатканы айтылды
4/7
Абылгазиев "Максат" чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти
5/7
Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты
6/7
Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномёт менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты
7/7
Андан соң Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Премьер-министр айылдагы чек ара чырынан улам түзүлгөн абал менен таанышкан.

"Сиздер күн сайын чек ара маселелери, кээде урушка чейин жеткен учурлар менен бет келип, татаал шартта жашап жатасыздар. Сиздердеги туруктуулукка, эр жүрөктүүлүккө, чыдаган сабырыңызга, патриоттуулукка ыраазылык билдирем. Мамлекет үчүн чек ара маселелерин чечүү биринчи орундагы маанилүү жагдай. Бирок, тилекке каршы, бул бир жактуу процесс эмес", — деген Абылгазиев.

Өкмөттүн мамлекеттик чек араларын делимитация, демаркациялоо иштерин күчөтүп, талаш тилкелер боюнча пайдалуу макулдашууга жетүүгө аракеттенип жатканы айтылды.

 Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара жаңжалы. Тышкы иштер министрлиги тажик элчисине нота берди
"Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз. Бул сыяктуу маселелер терең ойлонулган чараларды, таразаланган мамиле жана убакытты талап кыларын мойнубузга алууга тийишпиз. Алар конструктивдүү нукта, өз ара ишеним шарттарында жана эки жактуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилүүгө тийиш", — деген министрлер кабинетинин башчысы.

Абылгазиев Максат чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти.

Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

"Тилекке каршы, тынч заманда биздин аскерибиз каза таап, башкалары жаракат алышты. Бардык жабырлануучуларга зарыл көмөк көрсөтүлөт. Мен силердин өлкө үчүн өтөгөн кызматыңарга, мекенчилдигиңерге жана кайраттуулугуңарга ыраазымын", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномёт менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты. Андан соң Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу үчүн чараларды кабыл алуунун, ошондой эле чек ара аймактарынан күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү демилгелешти.

АН-26 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган он киши Бишкекке жөнөтүлдү
Премьер-министр Максат айылынан эвакуацияланып, Эски-Оочу айылындагы Момунов атындагы мектепке жайгаштырылган жашоочуларга барып жолугуп, алардын өз үйлөрүнө кайтышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Эске салсак, 2019-жылдын 16-сентябрында кечке жуук тажик чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, 13 кишинин жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканадан 10 бейтап Бишкекке учак менен алып келинди. Эки аскердин абалы оор.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0