ИИМ: Көчмөндөр оюну учурунда коомдук тартипке 800 милиционер көз салат

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндун катышуучулары менен коноктору жайгашкан мейманканалар жана конок үйлөрдү милиция кайтарары айтылды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Талас облусунда өтчү Көчмөндөрдүн улуттук оюндарындагы ачылыш жана жабылыш аземиндеги коомдук тартип менен коопсуздукка милициянын 800гө чукул кызматкери көз салат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
Таластагы Көчмөндөр оюндары алты саатка кечигип башталды. Себеби
Мындан сырткары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын башка облустарындагы бөлүмдөрүнөн да автоинспекторлор тартылган.

Негизги иш-чаралар "Манас-Ордо" комплексинде, Талас шаарындагы ат майданда, "Газпромдун" ден соолукту чыңдоочу жайында жана спорт-интернатта өтмөкчү.

Оюндун катышуучулары менен коноктору жайгашкан мейманканалар жана конок үйлөрдү милиция кайтарары айтылды.

"Алардын коопсуздугун камсыздоо максатында тартылган күчтөр бардык тилкелерге коюлат. Күнү-түнү кызмат кылган нөөмөт уюштурулуп, милиция кайгуулдары иштейт. Андан сырткары, иш-чаралар өтө турган жерлерге милициянын көчмө кабылдамалары ачылат", — деп билдирди ИИМ.

Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук тартипти сактоо максатында тиешелүү чаралар кабыл алынмакчы.

Эскерте кетсек, иш-чара 21-сентябрга чейин өтөрү айтылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0