Жээнбеков латын тамгасына өтүү сунушу боюнча пикирин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область
Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ЖК депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, латын арибине өтүүнү колдой турганын айткан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө латын алфавитине өтүүнүн кажети жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алып жатып билдирди.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргени боюнча жолугушуу 16-сентябрь күнү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өттү.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ишекеев: латын алфавитине өтүүгө даяр эмеспиз
Ишекеев аталган мааракеге карата өткөрүлчү иш-чаралар тууралуу айтып, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасындагы чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, бардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салды. 

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында,  латын алфавитине өтүүнүн кажети жок.

"Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек", — деди Жээнбеков.

Президент, мындан тышкары, кыргыз тилинин кадыр-баркын өнүктүрүү, коомдун бардык чөйрөлөрүндө, өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында кеӊири колдонуу абзел экенин айтып, илим, билим, маданий жана экономика тармагында мамлекеттик тилди киргизүү негизги милдет экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0