Мэрия шаардыктарды кышка даярданууга чакырды. Кантип?

© Sputnik / Михаил ДудинПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктардын үйүнө ысык суу менен жылуулукту "Бишкек жылуулук тармактары" менен "Бишкек жылуулук энерго" жеткирет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасы шаардыктарды кышка даярдык көрүүгө чакырганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Күн өткөн сайын суук болуп жаткандыктан ишкана шаардыктарга жылуулук берүү алдында айрым иштерди жасоо керектигин эскертет.

Эмне кылуу керек?

Жогорку кабаттагылар жылуулук батареяларындагы желди чыгарышы керек;

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Сот уланууда. Бишкек ТЭЦи боюнча сурак берип бүткөндөрдүн тизмеси
Жылуулук жакшы баруусу үчүн эскилиги жеткен батареяларды алмаштырып, бузулгандары болсо оңдоо керек;

Андан сырткары, Бишкек мэриясы терезелерди жылуулап, батирлердин кире беришиндеги эшиктерди оңдоо керектигин эскертет.

Шаардыктардын үйүнө ысык суу менен жылуулукту "Бишкек жылуулук тармактары" менен "Бишкек жылуулук энерго" жеткирет.

Мэрия "Бишкек жылуулук энерго" тейлеген аймактарда жылуулук берүүдө келип чыккан маселелер боюнча төмөнкү телефондорго кайрылуу керектигин эскертет:

  • 0 (312) 21-28-47, 0 (312) 21-28-44, же 0 (500) 28-70-70 (WhatsApp-канал)

"Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын байланыш телефондору:

  • 0 (312) 61-11-69 — абоненттерди колдоо борбору;
  • 36-57-19, 30-07-67 —борбордук аймактык нөөмөттөгү инженерлери;
  • 51-06-22, 21-74-06 — Түштүк аймактык нөөмөттөгү инженерлери;
  • 56-85-58 — диспетчердик кызмат.
Жаңылыктар түрмөгү
0