"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт

Жазылуу
Соода кылуу тартибин бузгандар менен оюндарды мыйзамсыз уюштуруп жаткандарга айып пул салынган жок, бирок эскертүү берилди.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Район администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады. Алардын буга чейин мыйзамсыз коюлуп жана иштеп келгени айтылды. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат
Ала-Тоо аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат

Аталган конструкциялардын ээлери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргөн.

Мэриядан мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлө тургандыктарын айтышты. 

© пресс-служба мэрии города БишкекРайон администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады.
Ала-Тоо аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Район администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады.

Эгерде Бишкек шаарынын тургундары калаадагы мыйзамсыз соода жайларын же жайма базарды көрсө, мэриянын 0 (554) 18-21-85  WhatsApp каналына кабарласа болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0