Тажик тарап чек аранын такталбаган жериндеги иштерин улантууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУкладка асфальта на альтернативной дороге север юг
Укладка асфальта на альтернативной дороге север юг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн мамлекеттик чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 16-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ош — Баткен — Исфана жолу ачык, машиналар каттап жатат.

"Кыргыз тарап Көк-Таш — Ак-Сай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районундагы Ак-Сай айылынын Дача жергесине чек ара постун куруп жатат. Тажик тарап Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүнү улантууда", — деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн мамлекеттик чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынды.

Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы, полковник Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде иш-аракеттерди координациялоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0