Тамада, оператор, фотограф... Тойдо кызмат кылгандардын акысы

© AFP 2023 / FRED DUFOURСвадебные фотосессии в Пекине
Свадебные фотосессии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күз келип, тойдун сезону башталды. Аны менен катар тамададан тарта ырчы-чоорчу, оператор, фотограф жана башка тойго кызмат кылгандардын да күнү тууп жаткан учур.

Уул үйлөнтүп, кыз узатып жаткандарды, баласын бешикке бөлөп же ата-энесинин мааракесин өткөрө тургандарды эске алып, Sputnik агенттиги тойдо кызмат кылгандардын акысына кызыгып көрдү.

Тамада

Национальное блюдо боорсок - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда аялдын жашоосун жеңилдеткен 7 кызмат. Түрү, баасы
Тойдогу акысы көп кызматтардын бири тамада. Беш сааттын ичинде 1000 долларга чейин акча таап кеткендер болот. Бирок андайлар чанда. Көпчүлүк тамадалардын акысы 200-500 долларга чейин. Анын ичинде 500 долларга алып баргандар кыргыз, орус тилдүү, кишинин саны көп тойлорду башкарган тамадалар. Ал эми кыргыз, орус, англис тилде суудай сүйлөгөн тамадалардын акысы 800 долларга чейин барат. Булардын ичинен көп тамада "сүйлөшкөнгө жараша" дейт. Баса, эгер аймакта той берип тамаданы Бишкектен чакыртсаңыз андан да кымбатка түшүп каласыз.

Ырчылар

Тамадалар беш саат сүйлөп 200-300 доллар тапса, 10 мүнөттө эки ыр ырдап 500 доллардан көп акча алып кеткен ырчылар да жок эмес. Тойдун убагында бир күндө төрт-беш тойго барган учурлары да болот. Ырчылардын кээ бири "бардык эле тойдон акча ала бербейбиз" деп айрым жакшылыктарга бекер ырдап кетет. Бул тааныш-билишке жараша. Атагы таш жарып, жылдызы жанып турган ырчылардын тойдогу акысы Бишкекте 300 доллардан 500 долларга чейин болсо, аймактарга барса 1000 долларга жетет. Бул каражатка ырчы эки чыгарма аткарып берет. Негизинен 200-250 долларга ортодон жоон, өзүңүзгө жаккан ырчы таба аласыз. Анткени ырчылардын көбүнүн той акысы ушул баада.

Жар-жар айткан жеңе

Үлпөт той азыр жар-жар айткан жеңесиз өтпөй калды окшойт. Алардын баасы да ар кандай. 5000 сомдон башталып 300 долларга чейин жетет. Баа ырчынын атагына жараша. Эгер элге аябай эле белгилүү жана жар-жар ырынан тышкары эки ыр ырдаса, 300 долларга чейин алат. Жар-жарга кошуп бир ыр аткарса, 150-200 доллардын тегереги болот экен.

Зал кооздогондор

Массовое церемония бракосочетания в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Айып пулдан качкан тажикстандыктар Баткенге келип дүңгүрөтүп той өткөрүүдө
Тойго баргандар үчүн түзүлгөн шарттын ичинде сөзсүз фотозона болушу керек. Бул кафе-ресторанга кирип келе жатканда сүрөткө түшө турчу жай. Мындан сырткары, залды да түркүн-түстүү гүлдөр менен кооздотуу мода. Айтор, той ээлеринин акчасы көп болсо, каалаган фантазиясын орундатчу кызматтар бар. Зал кооздогон агенттиктердин акысы да ар кандай, буйрутмага жараша. Орточо баа менен айтканда, эгер залды толугу менен кооздоткуңуз келсе 15 000 сомдон 30 000 сомго чейин акча кетет, эки жаш отурган жайды кооздотуу 6000-10 000 сом, ал эми фотозоналар 5000 сомдон жогору турат.

Оператор, фотографтар

Тойду оператор, фотографы жок элестетүү мүмкүн эмес. Азыр андай продакшн-студия, агенттиктер өтө көп. Баалары камера жана тойдун түрүнө жараша. Мисалы, үлпөт той болуп, жаштардын күндүзгү эс алуусун дрон, кран, эки камера менен тартыш керек болсо оператор, сүрөтчүсү менен кафедеги бөлүгүн кошкондо 1000 долларга чейин чыгат. Эгер тойдун кафедеги бөлүгүн эле тарттырам десеңиз эки камера, сүрөтчү, монтажы менен 25 000-30 000 миң сомдун тегерегиндеги каражат керек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0