Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПластический хирург Айнура Сарыбаева
Пластический хирург Айнура Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пластикалык хирург Айнура Сарыбаева бир топ жылдан бери Түркияда эмгектенет. Тажрыйбасында жаш кызга донордун жүзүн салган операция да бар.

Айнура Сарыбаева ишинде адамдын денесиндеги не деген гана укмуш жарааттарды көрбөдү. Эң оор операцияларды жасоодон да айбыкпайт. Өзүнүн оңой-олтоң эмес ишинин билинбес тарабынан кеп салды.

— Билбеген кишиге пластикалык хирург жалаң эле аялдардын көкүрөгүн чоңойтуп, мурундарды түздөгөндөй туюлат. Бирок андай эмес экени айдан ачык...

— Ооба. Тек гана жалпыга маалымдоо каражаттары атактуулардын операцияларынан улам дал ушул эстетикалык хирургиядан гана кеп салат эмеспи. Өтө оор күйүк, жараат, тери рагы, кол-бут ампутациясы өңдүү ыкчам жардамдарын көп көрсөтөбүз. Бир жолкусунда жигиттин жыныс мүчөсүн тигүүгө да туура келген.

— Үрөй учурат го... Эмне болуптур?

— Түркияда эркектер кызуу кандуу келишет, аларда жакын туугандар ортосундагы нике да чанда кездешет. Үйлөнгөндөн кийин гана жигит жубайынын бир тууган карындашы экенин угат, кичинесинде туугандары багып алыптыр. Жаңы үйлөнгөн киши дендароо абалда өз мүчөсүн кесип салыптыр. Эбегейсиз эмгек жумшадык, кайра ордуна тигип койдук, бирок бейтаптын көңүлүн көтөрө албадык. Жашоодон түңүлгөнүн улам-улам айта берген эле... Убакыттын өтүшү менен ал киши өзүнө келгендир деп ойлойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПластикалык хирург Айнура Сарыбаева бир топ жылдан бери Түркияда эмгектенет.
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург Айнура Сарыбаева бир топ жылдан бери Түркияда эмгектенет.

— Билишимче, Түркия жарандарына бардык операциялар акысыз жасалат...

— Ооба, камсыздандыруу боюнча же мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бир учурду айтып берейин. Абдан жакыр үй-бүлөнүн 19 жашар кызы келди. Катаал үрп-адат өкүм сүргөн чакан кыштактан экен. Атасы бир жолу аны жигити менен жүргөнүн көрүп калат. Уятына чыдабай кыз өзүн өзү башка атат, Кудай жалгап аман калат. Тийген ок жүзүн талкалап кетиптир: жаагы сынып, мурду жок...

Кыргызстандагы биринчи проктолог айым Гүлмира Сарман - Sputnik Кыргызстан
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
Жардам көрсөтүү үчүн донордун жүзүн ага салуу чечими кабыл алынды. Ылайык келген кызды таптык. Молдовалык кыз түрк жигитке турмушка чыгып, ошол жакта жашап калыптыр. Өз өмүрүнө кол салган экен, сактай албай калышат. Реанимацияда мээси иштен чыгат, туугандары маркумдун органы донор болушуна макулдугун беришти.

Ткандардын үлгүлөрүн алдык. Туура кесимдерди жасоо үчүн компьютерде алдын ала 3D-үлгүсүн даярдадык. Андан соң тик учак менен ткандарды башка калаага жөнөттүк. Түркияда бул система абдан жакшы жолго коюлган, врачтардын командасы органдарды адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн заматта жеткирип барат. Анан калса, түрк жарандары үчүн булардын баары чындап эле бекер.

Операция жакшы аяктады, кыздын дагы, ата-энесинин да кубанычында чек жок эле. Бирок, ошого карабастан, окуянын аягы кайгылуу бүттү. Ткань кабыл алынбады, бейтап иммуносупрессорлорду иччү, алар организмди инфекцияларга алсыз кылып салат. Жүзүн алмаштыргандан төрт жыл өтпөй көз жумду.

— Жүрөк тилген окуя экен! Жок дегенде бул окуяда кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн ата-эне үстүндөгү үйүнөн айрылбагандыгы көңүл жубатат. Бизде болсо жакынын Түркиядан айыктырып келүү үчүн колунда болгонун бүт сатат, дарылоо акысы асмандын башы тура!

— Учурдан пайдалана бир нерсени айтып койгум келет. Кыргызстандыктар адатта түркиялык медициналык борборлордун жарнамасын көрөт. Аларда мыкты жабдылган, кыйын врачтар иштейт, оорукананын палаталары да жети жылдыздуу отелдин номерлеринен кем калышпайт. Бир гана жери — алар биздин жарандар үчүн өтө кымбат.

Тилекке каршы, адамдар мамлекеттик же университеттин алдындагы ооруканаларга кайрылууга болорун биле беришпейт. Мындай учурда котормочу таап алуу кажет, ошентсе да дарылоо алда канча арзандыгына карабай, жогорку деңгээлде. 50 пайызга да арзан болушу мүмкүн, бааларын так билбейм. 

© Фото / Елена БаялиноваСарыбаева Бишкектеги Медициналык академияны аяктаган соң, ординатурадан окуу үчүн Түркияга сапар алган.
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны - Sputnik Кыргызстан
Сарыбаева Бишкектеги Медициналык академияны аяктаган соң, ординатурадан окуу үчүн Түркияга сапар алган.

— Балким, Түркияда врачтардын каржылык көйгөйү жоктур. Билим алуу сизге кымбатка түштүбү?

— Адегенде Бишкектеги Медакадемияны аяктаган соң ординатурадан окуу үчүн Түркияга кеткем. Айтмакчы, ал жакка капысынан барып калдым, болбосо, кесипти бул жактан эле өздөштүрүүнү пландаган элем. Белгилүү пластикалык хирург Искен Качкинбаевге кайрылдым. Ал: "Өзүм билгенимдин баарын сага үйрөтөм, бирок анын сага не кереги бар? Баары бир Кыргызстанда лицензия ала албайсың, бул жакта дегеле берилбейт. Мен өзүм Россиядан алгам", — деген.

Врач Дуйшенбек Сыргаев - Sputnik Кыргызстан
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек
Билимимди Россияда жогорулатууну ойлонуп калгам, бирок ал жакта ординатурага 5 миң доллар төлөш керек экен. Өтө кымбат эле. Ошондо бир курсташым Түркияга мамлекеттер аралык программа боюнча окууга документ тапшырууга кеңеш берди. Акысыз экен, мен макул болдум. Эки жыл мурун Кыргызстанда түрк дипломун таануу жол-жобосун жасатып жүрүп, биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинде "пластикалык хирург" адистиги жок экенин билдим. Министрдин атына арыз жазууга туура келди...

Түркиялык врачтардын иш шарты улам жакшырып келе жатат. Мурда чет элдик ординаторлорго төлөнчү эмес, ал эми азыр миң доллардын тегерегинде акы берилет. Албетте, бул Түркия жарандарына караганда аз, бирок жоктон көрө жогору. Врачтар орточо 3-4 миң доллар маяна алышат. Айрым бейтапканаларда профессорлордун айлыгы 30-40 миңди түзүшү мүмкүн. Алтургай, интернге дагы — ооруканада такшалуудан өтүп жаткан алтынчы курстун студентине да төлөнөт. Түрктөр кандай гана эмгек болбосун, ал акысын алууга тийиш деп эсептешет.

— Журналист болгон соң сурабай коё албайм, кандай операциялар кеңири жасалат?

— Бул өлкөлөргө жараша. Маселен, Кыргызстанда кыздар көкүрөктөрүн чоңойтушат, ал эми Түркияда, тескерисинче, кичирейтишет. Бирок мында көп жасалган операция — блефаропластика: көп кыздар европалык, кош сурма жасатышат. Түрк кыздар коңкойгон мурундарын түздөтүшөт.

Аныгында алар биздин кардарлар эмес, бейтаптар, себеби кайсы бир кемчилигин оңдоп коёсуң, анан алар өздөрүн жакшы сезип калышат. Мында кеп кебетеде эмес. Башынан аягына дейре өздөрүн өксүк сезген канчалаган сулуу көрдүм! Ошентсе да өздөрүн ханыша санаган кадыресе кыздар да жок эмес, анан айланасындагылар да аларды дал ошондой кабылдашат. Дегеле, өзүн өзү баалоо дайым эле кебетеге байланбайт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Башынан аягына дейре өзүн өксүк сезген канчалаган сулууну көрдүм! Тескерисинче, өздөрүн ханыша санаган кадыресе кыздар да жок эмес. Дегеле, адамдын баалоосу дайым эле кебетеге байланбайт", — дейт пластикалык хирург Сарыбаева.
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны - Sputnik Кыргызстан
"Башынан аягына дейре өзүн өксүк сезген канчалаган сулууну көрдүм! Тескерисинче, өздөрүн ханыша санаган кадыресе кыздар да жок эмес. Дегеле, адамдын баалоосу дайым эле кебетеге байланбайт", — дейт пластикалык хирург Сарыбаева.

— Пластикалык операцияга көз карашым түз. Мисалы, көкүрөктү чоңойтуу — жаман деле иш эмес, себеби импланттардан башка көкүрөктү эч нерсе чоңойто албайт. Ал эми липосакцияга дааган адамдарды түк түшүнө албайм. Эгер ансыз деле арыктоого мүмкүн болсо, эмнеге андай олуттуу операцияга барышат?

— Жакшы собол. Адамдар липосакция салмак таштоонун жеңил жолу деп жаңылыш ойлошот. Чындыгында бул — кадимки эле оюп, чегип, кесип, кертип жасагандай эле. Тагыраагы, липосакция аркылуу кымча белдүү же ичке сандуу боло аласың, бирок ал толук кишини арыкчырай адамга айланта албайт.

— Кайсы бейтап эсиңизде калды?

Биопротез управляемая силой мысли разработанная хирургами из Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
— Бир айым кайрылган. Көкүрөгүнөн рак болуп, эмчек бездерин алдырыптыр. Операциядан соң үй-бүлөдө ыйкы-тыйкылык башталат, жолдошунун мамилеси сууй түшкөндөй болот. Жубайы андай мамилеге чыдабай, жаңы көкүрөк жасатууну чечет. Адегенде ткань менен терини кайдан алууну чечүү зарыл болчу, себеби бейтаптын көкүрөгүн толугу менен алып салышкан. Акыры биз ичинен кесип, көкүрөк жасадык, бели да ичкере түштү.

Кийин кабыргаларынан да алып салып, көкүрөктү жасап, тигип бүтүп, анан саат сайын санаага батып карап турдук. Тери кесиндисинде бир аз гана өзгөрүү пайда болсо, кечиктирбестен, операция жасоого аргасыз болмокпуз. Бейтаптын маңдайында отуруп алып, калтырап-титирейсиң... Кудай жалгап, аягы жакшы бүттү.

Алдыда дагы далай иш бар эле. Жарааты айыкканда имплант коюп, үрпүн териден жасап, татуаж кылып, кадимки көкүрөктөй түр берүү керек болчу... Бейтап процесстердин баарынан өткөндөн кийин жайнай түшсө болобу! Айтымында, жолдошу аны кайра сүйүп калган. Ал сөздөрдү угуунун өзү бакыт болчу мага. 

© Фото / Елена БаялиноваСарыбаева: Түркияда мага ыңгайлуураак. Ошентсе да азыр Бишкектеги кыргыз-түрк клиникасынан сунуш болду. Алар менен сырттан кызматташып, улам келип, операция жасап кетип турууга шарт түзүлөт.
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны - Sputnik Кыргызстан
Сарыбаева: Түркияда мага ыңгайлуураак. Ошентсе да азыр Бишкектеги кыргыз-түрк клиникасынан сунуш болду. Алар менен сырттан кызматташып, улам келип, операция жасап кетип турууга шарт түзүлөт.

— Кыргызстанда сулуулук салондорунун жарнамаларынан "чач кыркуу, маникюр, макияж, ботокс, блефаропластика" деген өңдүү жарыяларды көп көрөсүң. Операциялык залдардагыдай стерилдүүлүктү айтпаганда эле мастердин тийиштүү медициналык билими да жок болушу толук ыктымал...

— Бишкекте ботокс чачтарачтарда сайыларын укканда төбө чачым тик турган. Анатомияны, препараттын таасиринин принцибин билбей туруп, жөн эле бир курсту бүтүп алып эле кантип бул иш менен алектенүүгө болсун?! Алтургай, майда операциядан соң деле өтүшүп кетиши мүмкүн, аларды кантип жеңе билүү врачтын чеберчилигиндеги иш.

Биздин профессор кайра-кайра кайталагандай, врачтар билбестигинен улам гана эр жүрөк болушат. Медицинада көптү үйрөнгөн сайын, коркуп-чочулоолоруң да артат.

— Бишкекке кайткыңыз келеби?

Залалдуу шишик оорусунан айыккан Мурат Мусабаев - Sputnik Кыргызстан
Ракты жеңген Мурат Мусабаев: дарыгерлер ичимди ачып көрүп таң калышкан
— Чындап келсе, Түркияга караганда бул жакта көбүрөөк таба алам. Пластикалык хирургия жаатында кыргызстандык клиникаларда баалар жогору. Мисалы, жергиликтүү айымдар бул жакта 3000 долларга көкүрөк чоңойтсо, түрк айымдары мындай операцияга эки эсе арзан акча сарпташат. Бирок биротоло көчүп келе албайм. Ал жакта бардык шарттарым бар: жабдуулар, команда, бейтапты туура кароо. Түркияда мага ыңгайлуураак. Ошентсе да азыр кыргыз-түрк клиникасынан сунуш түштү, алар менен сырттан кызматташып, улам келип, операция жасап кетип турууга шарт түзүлөт. Чындыгында бул абдан сонун иш болмок, анткени Мекенге кызмат кылыш — көөдөндөгү тилек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0