Москвадагы Манастын эстелигин элчиликтин кызматкерлери жууп-тазалады. Видео

Жазылуу
Москва шаарындагы паркта жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу эстелик тазаланбай калган. Буга байланыштуу чакан ишембилик уюштурулду.

Москвадагы "Дружба" сейил багына тургузулган Манастын эстелиги тазаланды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Анын айтымында, буга чейин мекендештердин бири эстелик жакшы каралбай, ишембилик өткөрүү керектигин социалдык тармактарга жазган. Ага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көңүл буруп чакан ишембилик уюштурду.

"Манас атабыздын эстелигин жууп-тазалоого элчиликтин кызматкерлери катышты. Негизи жыл сайын мекендештер менен ишембилик өткөрүп келебиз. Быйыл парктагы оңдоо иштеринин соңуна чыкпагандыгына байланыштуу тазалай элек болчубуз. Буюрса кыргызстандыктар менен биргеликте чоң ишембилик уюштурабыз", — деди Байымбетова.

Эске салсак, Манастын ат минип турган эстелиги Москва шаарында 2012-жылы ачылган. Күмүштөн жасалган композициянын бийиктиги 4,5 метрге жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0