Балдызымды жакшы көрөм... Жесил кишинин каты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОтургучта отурган кыз. Архив
Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында келинчеги каза болуп калган эркектин каты жарыяланды.

...Үч жыл мурда келинчегим узакка созулган оорудан каза болуп калды. Болгону 32 жашта болчу. Ортодо бир кызыбыз бар, апасы каза болгондо төрттө эле, азыр жетиге чыкты.

Тирүү кишинин жашоосу билинбей өтө берет экен. Кызым быйыл 1-класска барды, мен болсо жумушумду иштеп алаксып жүрөм. Жашым 37де, чакан ишкерлик кылам. Жыл өткөн сайын үйдөгүлөр "жүрө бербей кызыңды энелүү кылып, үйлөн" деп айтып жатышат. Андай чечимге келүү да оңой эмес экен. Кызымды буга чейин апам менен таенеси алмак-салмак багып чоңойтуп беришкен. Мектепке барарда өзүмө алдым. Азыр экөөбүз эле турабыз. Чынын айтсам, бала багуу жалгыз бой эркекке кыйын эле экен. Экөөбүз он урушуп, он жарашабыз...

Запрет на вебкам-бизнес в КР - Sputnik Кыргызстан
Кызым вебкам-модель болуп кетиптир, эмне кылам? Жалгыз бой эненин даты
Кол кабыш кылып аялымдын сиңдиси келип турат. Студент кезинде, эжесинин көзү тирүүсүндө биз менен турчу. Ошол себептенби, кызым балдызыма аябай жакын. Аялымдын жогун билгизбей кызымды убактысы аз болсо да келип ойнотуп, маанайын көтөрүп кетет.

30га чыкса да турмушка чыга элек, карьера деп жүргөн. Жакында эле үйгө келип "жезде, турмушка чыгайын деп жатам" деп сүйлөшкөн адамы тууралуу келип айтып кетти. Ошондон бери ичим уйгу-туйгу. Башында карындашымдай көрчүмүн, эми ага болгон сезимдерим ойгонгонун байкадым. Аны башка адамга чынын айтсам ыраа көргөн жокмун. Алыстан аял издебей эле балдызымдын колун сурап көрсөмбү деп да ойлоп кетем. Анткени ага кызым жакын, ал дагы кызыма өз энесиндей мээрим төгөттүр. Бул жөнүндө эч кимге айта элекмин. Сыртка чыгаргандан да коркуп, уялып кетем. Балдызым кандай кабыл алат, туугандарчы? Кызымды да бир жагынан ойлоп бушайман болуп жүрөм.

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

--Бардык эле адамдын башына мүшкүл иш түшүп, кыйын кырдаалга кабылат. Ошол нерседен туура чечим кабыл алып чыгып кетсе жакшы. Бирок ал баарынын эле колунан келе бербейт.

Эркек киши, ата баары бир эненин ордун толуктай албайт. Айрыкча кыз балага эне, анын тарбиясы сөзсүз керек эмеспи. Бул кишинин кызына эне издей баштаганы жакшы. Бирок "балдызын алсам" жөнүндө ойлонгону азыр болбосо да кийин маселе жаратып калышы ыктымал. Бул кырдаалда акцент кичинекей кызга жасалышы керек. Кат жазган киши жашоосун андан ары улап кетет, балдызы деле өз жолун табат. Ал эми энесиз калган кызга кыйын болушу мүмкүн. Балдызына баш кошуп алса, азыр билинбейт, бирок кийин кызынын нормалдуу үй-бүлө тууралуу психологиясы бузулат. Анткени таежеси экенин билет да.

Кучакташып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Досумдун жубайы бассам-турсам оюман кетпей койду... Эркектин каты
Кыз апасы каза болгондо кичинекей экен. Анын образын эле билбесе, жүрүм-турумдарын деле унутуп калышы ыктымал. Таежесине болгону көнүп калган. Баланын ой жүгүртүүсү менен чоңдордуку башкача. Бала конфет берип, жакшы мамиле жасаган кишиге жакын боло берет. Чоңойгондо андай болбойт. Бул жерде кат жазган киши өзүнүн ыңгайын карап жатат. Балдызына кызы эмес, өзү көнүп калган. Ошол себептен ал жакын көрүнүшү ыктымал. Жездесинин сезимин, пландарын балдызы биле элек. Укса кандай кабыл алат?

Бул жерде кызы жана балдызы болуп эки кишинин тагдырын бузуп алышы ыктымал. Ошондуктан менин кеңешим — кийин ар түрдүү маселе жаралбаш үчүн бул максатын ишке ашырбай эле койгону жакшы. Бул жеке менин оюм. Балким, балдызына баш кошкону баарына жакшыдыр. Ошентсе да менин көз карашым боюнча кызын энелүү кылгысы келсе башка эле аял издеп көрсүн. Балким, андан да жакшысы жолугар. Баары өзүнөн көз каранды. Балдызына баш кошсо, кийин туугандар арасында ар кандай интрига болушу ыктымал.

Бул адамдын жашоосу, менталитет, мүнөзүн толук билбегендиктен көп кеңеш айта албайм. Ошондуктан колунан келсе мындай учурларды психолог менен ачык сүйлөшкөн жакшы. Чечимди акыры өзү кабыл алат.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0