14:10 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Төө-Ашуу. Архив

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды

© Фото / пресс-служба УОБДД
Коом
Кыскача шилтеме алуу
170 0 0

Министрлик бир нече күн мурда Төө-Ашууга кар жааганын айтып, Бишкек — Ош трассасындагы кыймылды кыйындатканын эскертет.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги алыс жолго чыгып, ашуу ашкан айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштырууну эскертет.

Буга чейин ӨКМ 15-16-сентябрда тоолуу аймактарда кар түшөрүн маалымдаган болчу.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы 9-сентябрда Төө-Ашууда абанын температурасы -6 градуска, Таластын Өтмөк ашуусунда -15 градуска төмөндөгөнүн кабарлады. Аба ырайы бузулуп, ашууда бороон-чапкын болуп, 20-25 сантиметрге жеткен кар жааган.

Министрлик 15-16-сентябрда алыска жолго чыгып, ашуу аша турчу айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууну сунуштайт.

Ал эми жүк ташыган автоунааларга кыш мезгилине ылайыкталган май куюу керектигин эскертет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Жаан-чачын катуу жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Белгилер:
аба ырайы, кар, Транспорт жана жолдор министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ