Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаНазначенный министром образования и науки КР Каныбек Исаков
Назначенный министром образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Депутаттар жалпы жыйында Исаковдун талапкерлигин карап, 107 добуш менен колдоп беришти.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Анын ордуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Исаковду сунуштап, талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары жактырган болчу

Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, латын алфавитине өтүүнү колдой турганын жана ата-энелер фонду качан жоюларын айтып берген.

Ошондой эле Sputnik Кыргызстандын журналисти жаңы министр жумушун эмнеден баштап, кандай өзгөрүүлөрдү жасай турганына кызыгып, суроо узаткан.

Редакция жаңы министр тууралуу фактыларды даярдады.

Чыйрак өскөн

Концерт Дариги Назарбаевой в Большом театре - Sputnik Кыргызстан
Созолонто ырдаган чоң эне. Дарига Назарбаева тууралуу 7 факты
Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Ал үй-бүлөсү жана бала чагы тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Айылга кат" рубрикасында айтып берген

Үй-бүлөсү гектарлап тамеки эккен. Өзү таңкы алтыда талаага кетип, түнкү экиге чейин тамекинин түйшүгүн тарткан. Атасы бригадир болсо, апасы колхоздун да, үйдүн да ишин бирдей караган. Бардар, ырыскылуу жашашкан.

Исаков апасы жана туугандары тамекиге ууланып каза болсо керек деген ойдо экендигин айтып берген.

"Апам, менин апама окшогон канчалаган апалар тамекиге ууланып, ооруп, көпчүлүгү 65ке чыкпай өтүп кетишкенин арман катары айткым келди. Апам 10 бала төрөптүр, анын үчөө ошол тамекинин уусунан болсо керек, бир-эки жашка чыкпай учуп кетиптир" деген.

Учурда жети бир тууганы өз алдынча түтүн булатып, очор-бачар. Төртөө жогорку билимдүү, улуу агасы менен эжеси ата-энесине каралашып окуй албай калган. Ал эми токсондон өткөн атасы айылда турат экен.

© Фото / пресс-служба ОшГУКаныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.
Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Болочок кесибине мугалими таасир берген

Өзүнүн айтымында, 8-класста окуп жатканда Райма Кадырова аттуу окутуучу Бишкектеги кыз-келиндер педагогикалык институтун жаңыдан бүтүп келип, класс жетекчи болуп калат. Ал балдар менен тез аралашып, мектепте гана эмес, түрдүү иш-чараларда окуучуларды колдоп-коштоп, сүйүктүү мугалимге айланат. Балдары 10-класска келгенде ал кыз турмушка чыгып кетет. Ага таасирленген көп окуучу мугалимдик кесипти тандаган. Каныбек Исаков филологияга барса, дагы башкалары биолог, физик, математик, химик болуп кетишкен.

Чыгармачылыктын башаты

Каныбек Исаковду классташ балдары кыздарга ашыктык кат жазып бер деп суранып, аларга сезим козгогон каттарды, ырларды жазып жүрүп, чыгармачылыкка ооп кетет. 6-класстан баштап райондук, республикалык пионердик гезитке макалалары, эсселери чыга баштаган. Төртүнчү класста эле классташ балдары менен Касымалы Жантөшевдин эки томдуу "Каныбек" романын колдон-колго өткөрүп окушкан. 5-6-класста окуп жүргөндө Жек Лондондун "Мартин Иден", Майн Риддин "Башы жок чабандес", Исай Калашниковдун "Каар заман" романдарын окуп, дүйнөлүк адабияттын ажайып ааламына аралашкан. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМектепти аяктаганда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, окууну кызыл диплом менен аяктаган.
Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Мектепти аяктаганда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, окууну кызыл диплом менен аяктаган.

Аз жерден спортчу болуп кете жаздап...

1980-жылы Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаровдор Олимпиада чемпиондору болуп келгенде, ага шыктанып балдары менен "биз да чемпион болобуз" деп штанга жасап, таш көтөрүп, "Сатымкул Жуманазаров өтүкчөн чуркаган экен" деп таң эрте өтүкчөн чуркап спортко аралашкан. Бирок билимге сүйүүсү күч эле.

Окутуучулук жолу

Мектепти аяктаганда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, окууну кызыл диплом менен аяктаган. Ортодо бир жыл армияда кызмат өтөп келген. 1993-жылдан бери өзү окуган университетте мугалимдиктен баштап 2011-жылы ректорлукка чейин жеткен. 2016-жылы окуу жайдын жетекчилигине экинчи ирет шайланган.

2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Учурда филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору. 

© Фото / Facebook / Каныбек Исаков2016-жылы Билим берүү министрлиги ЖОЖдордун рейтингин чыгарган. Анда "Иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөрдүн талапка жооп берүүсү" көрсөткүчү боюнча ОшМУ да катарга кирген.
Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы Билим берүү министрлиги ЖОЖдордун рейтингин чыгарган. Анда "Иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөрдүн талапка жооп берүүсү" көрсөткүчү боюнча ОшМУ да катарга кирген.

ОшМУну гүлдөтө алган

Каныбек Исаков коомчулукта кесипкөй жетекчи катары сыпатталып жүрөт. Маселен, үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Кыргызстандагы мамлекеттик университеттердин ичинен Ош мамлекеттик университетинен башкасы замандын талабына ылайык имараттарды курбай, тийиштүү иштерди аткарбай жатканын белгилеген.

"Ош мамлекеттик университети акыркы үч жылда 12 жаңы корпус куруп, заманбап технологиялар менен жабдыптыр. Калган мамлекеттик университеттерде эч нерсе курулган эмес. Эмне үчүн? Ош мамлекеттик университети кайдан акча таап иштеп жатат? Кыргызстанда флагман делген Улуттук университет ыйкы-тыйкы шайлоолордон улам өнүкпөй калды. Жакшы иштеп жаткан университеттин жетекчилеринен үлгү алып, же аларды Улуттук университеттин жетекчилигине алып келиш керек", — деген эл өкүлү.

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Тамеки терип чоңойгон полковник. Улукбек Кочкоров тууралуу 9 факты
Билим берүү жана илим министрлигинин Sputnik Кыргызстан агенттигинин расмий сурамына берген жообуна ылайык, 2018-жылга карата бекитилген сметасы боюнча университеттер арасындагы эң көп каражатты ОшМУ тапкан. Жалпы сумма 922 миллион 966 миң 500 сомду түзгөн. Экинчи орунду Улуттук университет, ал эми үчүнчүнү Кыргыз-Орус Славян университети ээлеген.

2016-жылы Билим берүү министрлиги ЖОЖдордун рейтингин чыгарган. Анда "Иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөрдүн талапка жооп берүүсү" көрсөткүчү боюнча ОшМУ да катарга кирген. Мындай көрсөткүчкө президенттин алдындагы Башкаруу академиясы, ИИМ Академиясы, Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы кирген.

Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетиндеги бир ставкада иштеген профессорлордун орточо маянасы 37 миң сомду түзөт, ал эми окутуучулардын айлыгы 17 миң сомдун тегерегинде экендиги белгилүү болгон. Экинчи орунду Улуттук университет, үчүнчү орунду Кыргыз-Орус Славян университети ээлеген.

Жакында эле университет Россиянын 12 окуу жайы менен кызматташа турган болгон.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттин филиалын дагы Ош мамлекеттик университетинин базасында Ош шаарында ачуу пландалууда

© Фото / пресс-служба ЖККаныбек Исаков мектепте бир класста окуган Нурила Абдрахмановага баш кошкон. Жубайынын кесиби дагы мугалим. Алар үч кыз жана бир уулду тарбиялашкан.
Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Исаков мектепте бир класста окуган Нурила Абдрахмановага баш кошкон. Жубайынын кесиби дагы мугалим. Алар үч кыз жана бир уулду тарбиялашкан.

Жеке жашоосу

Каныбек Исаков мектепте бир класста окуган Нурила Абдрахмановага баш кошкон. Жубайынын кесиби дагы мугалим. Алар үч кыз жана бир уулду тарбиялашкан. Кызы Аида Исакова юридика илимдеринин кандидаты, Бишкектеги Юридикалык академияда окутуучу.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева тууралуу фактыны Sputnik агенттигинин материалынан окуңуз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0