14:09 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Медиаменеджер Наталья Лосева

Россиялык адис студенттерге ЖМКлардын негизги максатын айтып берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
28 0 0

Наталья Лосева Бишкекте окуган студенттерге мастер-класс өтүп, фейк жаңылыктар менен кантип күрөшүү керектигин айтып берди.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Медиаменеджер Наталья Лосева ЖМКлардын негизги максаты тууралуу студенттерге мастер-класс өттү.

Ал ошондой эле фейк жаңылыктар менен кантип күрөшүү керектигин да айтып берди.

Аталган иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда SputnikPro эл аралык программасынын алкагында болду.

"20 жыл мурда ЖМКлар маалыматты таап, аны окурмандарга жеткирип келген болсо, бүгүнкү күндө журналисттер социалдык тармактын колдонуучулары менен атаандаш. Журналисттердин милдети маалыматты тактап, аны түшүндүрүп бериши керек", — деди Лосева.

Ал ошондой эле окурмандар маалыматты сайттардан эмес, социалдык тармактардан издеп, блогерлердин платформасына киришет. Андыктан ЖМК өкүлдөрү жаңылыктарды тактап, жалган маалыматтарды иргеши керек.

Лосева дүйнө жүзү боюнча маалыматтарга ишенүү эки пайызга төмөндөп, 42 пайызды түзгөнүн кошумчалады. Ал эми адамдардын 32 пайызы ЖМКларды такыр карабайт. Себеби алар такталбаган маалыматтарды окуп маанайын түшүргүлөрү келбейт.

Наталья Лосева россиялык журналист, продюсер, медиаменеджер, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары. Ошондой эле МГУнун журналистика факультетинин жаңы медиа кафедрасынын улук окутуучусу. Экономика жогорку мектебинин ректорунун кеңешчиси.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Россиялык журналист: дүйнө эли маалыматты аудио аркылуу ала баштады
Белгилер:
Медиа, ЖМК, SputnikPro

ЭҢ МААНИЛҮҮ