14:10 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов

Кой-Таш окуясы: комиссия Курсан Асанов менен Равшан Жээнбековду укту. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (153)
1685 0 0

Жыйынга чакырылгандар 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

  • Исаков Исмаил один из членов Государственной комиссии по изучению ситуации, сложившейся в селе Кой-Таш 7-8 августа 2019 года
    Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Члены Госкомиссии по изучению событий 7-8 августа 2019 года в селе Кой-Таш заслушали информацию Курсана Асанова и Равшана Жеенбекова
    Билдирмеге караганда, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова дагы чакырылган, бирок жеке себептерден улам катыша албай калган
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Ветеран спецслужб, экс-зампредседателя ГКНБ Артур Медетбеков один из членов Государственной комиссии по изучению ситуации, сложившейся в селе Кой-Таш 7-8 августа 2019 года
    Жыйынга чакырылгандар 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Члены Госкомиссии по изучению событий 7-8 августа 2019 года в селе Кой-Таш заслушали информацию Равшана Жеенбекова
    Эске салсак, буга чейин премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 4
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту

Билдирмеге караганда, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова дагы чакырылган, бирок жеке себептерден улам катыша албай калган.

"Жыйынга чакырылгандар 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын курамына эки жаңы катышуучу, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков кирген.

Кой-Таштагы окуя

7-августта УКМК Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.

Мурунку президент ушу тапта УКМКнын тергөө абагында.

Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (153)

Тема боюнча

Кой-Таш окуясы: мамкомиссия Асанов менен Жээнбековдун пикирин билгиси келет
Кой-Ташта башына таш тийген Курманкулов Москвада башка ооруканага которулду
Белгилер:
жыйын, Курсан Асанов, комиссия, Кой-Таш

ЭҢ МААНИЛҮҮ