Элди күлдүргөн жана кыжырын келтирген депутаттардын жоругу. Видеолор топтому

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаседание депутатов Жогорку Кенеша
Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым депутаттар "биз кыргыз элинин элитасыбыз", "эл көтөргөн маселеге реакция кыла берсек аягы башкача болуп калат", "карышкырларды танк менен аталы" деген сөзү менен таанылды. Журналистти "эс алдырып", көйнөк кийбей келген аткаминерди кагып-силккендери сынга кабылды.

Бүгүн депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеште профсоюз деген монстр кыдырып жүргөнүн, алар эл өкүлдөрүн ачык эле "кой" деп атаганына ызаланды. Ошону менен катар парламентте саясий элита отурганын дагы бир ирет эскертип өттү. Муну уккандар социалдык тармакка дароо эле какшык сөздөрүн жаза баштады.

Sputnik Кыргызстан жыл башынан бери тилинен жаңылып сынга кабылган жана коомчулукту күлкүгө салган депутаттарды тизмектеди.

"Кой" дегенге ызаланган депутат

Кожобек Рыспаев эл өкүлдөрүнө акарат келтирген профсоюзда иштеген адамдарга чара колдонууга чакырды.

"Жакында ушундай койлорду шайлайбыз. Профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзам жазып жаткандарды жоготуу абзел. Ошолордун 2020-жылкы шайлоодогу тизмеде болбошуна аракет кылыш керек", — деп жан далбастап жүрүшкөнүн айтты.

Сөзүнүн аягында Рыспаев Жогорку Кеңеште саясий элита отурганын дагы бир ирет эске салды.

"Кыргыз элинин элитасыбыз!"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, депутаттарды эки-үч жолу "чимкирик" деп атаган.

Буга депутаттардын эч кимиси реакция кылган эмес. Бир гана Кожобек Рыспаев жооп берип, үн катпай отурган кесиптештерине да нааразы болгон. Ал Жогорку Кеңеште чимкириктер эмес кыргыз элинин элитасы, саясий элита отурганын белгилеген.

Бирок коомчулук анын пикирин сынга алып, кыргыз элинин чыныгы элитасы башка жакта экенин айтышкан.

Эл менен эсептешкиси келбеген депутат

Жазда эл Кызыл-Омполдо уран казууга каршы туруп, бир топ акцияларды уюштуруп, митингдер болуп чоң чууга айланган. Буга өкмөт, парламент, президент да көңүл буруп, натыйжада казууга тыюу салынган. Ушул боюнча токтом каралып жатканда депутат Умбеталы Кыдыралиев "коомчулуктун резонансын эске алуу менен" деген пунктун алып салууну сунуштады.

Анын пикиринде, бийлик коомчулук көтөргөн маселеге реакция кылып, иштеп жатканы туура эмес. Ушундай нукка түшүп алса, анын жыйынтыгы башкача болуп калат.

Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков Кыргызстан демократиялуу мамлекет экенин, чындап эле уран көйгөйүн биринчилерден болуп эл көтөрүп чыкканын эске салды.

Карышкырды танк менен аталы

Эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башыда карышкыр көбөйүп, элдин шаштысын кетирип жатканын билдирген. Алгач ал жырткычтарды тик учак менен атууну сунуштаса, ошондогу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов "мергенчиликтин өзүнүн жолдору бар" деп макул болбой койгонун айтат.

Буга нааразы болгон депутат "эми карышкырды танк менен деле ата бербейби" деп кейиген.

Футболка кийип келген аткаминерди кууп…

Депутат Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду ордунан тургузуп алып жемелеген. Буга анын парламенттик сессияга көйнөк кийбей келгени себеп болгон.

Эл өкүлдөрүнүн жоругуна соцтармак катуу реакция кылып, жөн гана эскертип койбой ордунан тургузуп алып такалаганын текебердик катары сыпаттаган.

Эртеси Бакиров айткан сөзү үчүн аткаминерден кечирим сураган.

Аткаминерге дагы кыр көрсөттү

Вице-спикер Мирлан Бакировдун "каарына" Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Акматалиев да калды.

Докладчы трибунада жооп берип жаткан. Көп өтпөй ал басып барып ордуна отурган. Ошол учурда Бакиров "Сизге отурууга ким уруксат берди? Трибунадан жооп беришиңиз керек же отурууга уруксат сурашыңыз керек", — деп зекиген.

Мындан улам Акматалиев кайрадан трибунага чыкты. Алты мүнөт өткөндөн кийин гана ага отурууга уруксат берилген.

Журналистти "эс алдырган" депутат

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы депутат Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси кайсы ишмердүүлүгү үчүн берилгенин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевадан сурап жаткан. Ошол учурда Икрамов өзү да келип калды. Бирок ал жооп берүүдөн баш тартып, кабарчыга "эс алчы" деп кол шилтеп басып кеткен.

Бул окуя социалдык тармактарда кескин сынга алынып, кызуу талкуу жаратты. Адегенде эле депутаттын этиканы сактабаганы таң калтырган.

Тилинен жаңылып

Парламенттин жалпы жыйынында 8-март күнү Бишкекте жүрүшкө чыккан феминисттердин маселеси каралган. Анда депутат Тазабек Икрамов "гомосексуализм" деген сөздү айта албай кыйналган.

Билим берүүнүн мыктысы төш белгисин алган депутат элди күлкүгө салган. Анын сөзү мем болуп, көпкө чейин айтылып жүрдү.

Кийинчерээк Икрамов эмоцияга алдырып, туура эмес айтып алганын билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0