Караколдогу катуу шамалдан жабыркагандарга 700 миңден ашык сом бөлүндү

© Фото / пресс-служба ВостокэлектроПоследствия урагана в Караколе
Последствия урагана в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулду.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Караколундагы катуу шамалдан жабыркагандарга шаардык кеңеш 727 миң сом бөлдү. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

Белгилей кетсек, 10-сентябрда Ысык-Көлдө катуу шамал болуп, бир нече турак жайдын чатырын учурган. Андан сырткары, эки кишиге шифер тийип, бири реанимацияга түшүп калган.

Айтбаевдин айтымында, бүгүн, 12-сентябрда, Каракол шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулган.

"Атайын комиссия 49 турак жай шамалдан жабыркаганын аныктады. Каза болгондор жок. Келтирилген чыгым 1,4 миллион сом деп бааланууда. Андыктан үйлөрдүн чатырын оңдоо үчүн шаардык кеңеш 727 миң сом бөлдү. Акча жакын арада бөлүштүрүлөт", — деди Айтбаев.

Шаардык кеңештин депутаты, андан сырткары, өкмөткө да жардам сурап кайрылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0