03:30 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Портфелчен кишилер. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда кадрлар кандай тандалат? Депутаттын үрөй учурган маалыматы

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
82010

Эл өкүлү Кыргызстанда "кадрлар эч нерсе чечпейт, начальник гана чечет" дегендей саясат жүрүп калганын белгиледи.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев акыркы учурда Кыргызстанда кадр тандоо маселеси көйгөй жаратып жатканын айтты.

Ал учурунда Иосиф Сталиндин "Кадрлар баарын чечет" деген сөзү Советтер Союзунда жашаган жетекчилердин, кадрлардын мээсине сиңип калганын, бирок бул түшүнүк учурда Кыргызстанда "кадрлар эч нерсе чечпейт, начальник гана чечет" дегендей сөз болуп калганын айтты. Ал Кыргызстанда кадрдык реформа болмоюнча эч кандай өзгөрүү болбой турганын белгиледи.

"Кадрлар кандай дайындалып жатканын билем, анткени мамлекеттик кадр кызматына мүчө болуп жүрдүм. Бир гана нерсени айтайын, мисалы, полиграфтан өтүп жатканда "Сен коррупцияга катышкансыңбы же катышкан эмессиңби?" деген суроо берилет. Өтүп жаткандардын 99 пайызы "жок, катышкан жокмун" деп жооп берет. Бирок полиграф "катышкан" деп көрсөтөт. Буга карабай киши жумушка алына берет", — деди депутат.

Казакбаев өкмөт саясий бир кызматка дайындалып жаткан кишилердин жасай турган реформасынын иш планын, концепциясын элге жарыялап туруу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Акматов: Кыргызстан бизнеси өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калды
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
Белгилер:
өкмөт, Руслан Казакбаев, кадрлар

ЭҢ МААНИЛҮҮ