03:33 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кыргызстандагы биринчи проктолог айым Гүлмира Сарман

Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги

© Sputnik / Дильноза Алымова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
501 0 0

Врач Гүлмира Сарман — Кыргызстандагы биринчи проктолог айым. Дарыгерликтин бул түрүн тандаганына башында көнө албай, андан соң мырза кесиптештеринин сыйына татуу үчүн да тырышып эмгектенүүгө туура келген. Ошого карабастан, Гүлмира ишин сүйгөндөрдөн.

Өз бейтаптарынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири деп биздин маектеш адиске ооруганын айтып кайрылууну уят көрүшкөнүн эсептейт. Дарыгерден тартынып, дарыканага эле баш багып: "Геморройдун бир дарысын берип койгулачы" деп барыштын аягы оорунун өтүшүп, кесепети жаман болорун бул врач так билет. Гүлмира Сарман ишинде профессор Александр Червинскийдин "Мыкты хирург бейтабын операцияга жеткирбейт" деген сөзүн ураан тутат.

— Билишимче, сиз Кыргызстандагы биринчи проктолог айымсыз. Эмнеге бул багытты тандап алдыңыз эле? Мындан да оор, мындан да "ыплас" медициналык адистиктер бар го?..

— Бул багыт Кыргызстанда кыйла жаш. Проктология бөлүмү мурдагы Республикалык оорукананын базасында 80-жылдардын башында пайда болду. Өлкөдөгү аялдардын ичинен чыккан алгачкы проктологмун. Бул адистикти төрт мырза кесиптешим менен Москвадан өздөштүрүп келгенбиз. Болбосо, мурда жоон жана түз ичеги ооруларын дарылап келген жалпы хирургдардын арасында айымдар жок эмес эле.

— Кандайча кызыгып калдыңыз?

— Өзүмдүн сүйүктүү ишим тууралуу күндөп-түндөп деле айта берем... Хирург болууну чечип, институтта окуп жүргөнүмдө №3 балдар ооруканасынын ириң бөлүмүнө такшалууга баргам. 4-курска келгенде проктология бөлүмүнө түнкү кезметтеги медайым болуп ишке орношком. Группалаштарым каникулда эс алып жүрүшкөн кезде эки апта операциялык медайымдын да ордуна иштеп калып, бул ишке аралашып кеттим. Ал эми алгачкы кичи операцияны жасоого бөлүмдүн башчысы мага бешинчи курска келгенимде уруксат берген.

Эң кызыгы, окуу жайда багыттар боюнча бөлүштүрүүдө комиссия мүчөлөрү: "Гүлмира, мунун сага не кереги бар? Кел, сени лор же окулист кылып жиберели. Проктология ыплас иш го..." — деп аябай таңгалышкан. Бирок беттегенимди бербедим. Жаңы багыт болгонунан деле эмес, проктология бөлүмү мен үчүн таза, жакын, бейтаптарыбыздын баары өздөрүнө абдан кылдат кам көрүшөт. Ал эми алар кандай азап тартарын эч ким билбейт... Ишке ушунчалык берилип, күн алыс түнкү кезметке калчумун.

Первая женщина-проктолог в Кыргызстане Гульмира Сарман во время беседы
© Sputnik / Дильноза Алымова
Гүлмира Сарман ишинде профессор Александр Червинскийдин "Мыкты хирург бейтабын операцияга жеткирбейт" деген сөзүн ураан тутат.

— Ата-энеңиз тандаган адистикке кандай карашты?

— Ал кишилер медицинадан алыс, проктологиянын эмне экенинен деле кабары жок болчу. Айрыкча, апам: "Физиотерапияга эле барсаңчы? Таптаза, тынч, көйгөйү да жок багыт. Түнкү кезметтен чарчап келип, бир аз уктап эле кайра ишке барып жатасың..." – деп каршы чыккан. Бирок мени эч нерсе токтото алган эмес, ата-энем да өжөрлөнгөнүмдү көрүп, акыры мейли деп тим болушту. Экинчи жагымдуу тарабы — каржылык кирешем эле, экинчи курстан тарта 55 рубль жогорулатылган стипендия жана 80 сом маяна алчумун. Апам физика мугалими, алган айлыгы — болгону 120 рубль. Ошондуктан ата-энеме жардамдашчумун, аларга бир аз жеңилдик болчу.

— Жалаң мырзалардан турган жамаат жалгыз кызды кандай кабыл алды?

— Окуу жайда сегиз бала, төрт кыз окудук. Ал эми хирургиялык циклде биздин группада 16 бала менен жалгыз окугам. Кимди староста кылып коюшту дебейсизби? Ага кошумча 2-курстан баштап хирургиядагы ишим, ал жакта дээрлик мырзалар гана иштейт эмеспи.

"Сен аялсың да, кантип хирург боло аласың?" дегендей теңине албагандык, тоготпогондук бир аз сезилчү. Кесиптештеримдин сыйына татууга далай жылдарым кетти го. Ал кезде аял-эркек деп бөлүү аябай күч болчу. Алар менен теңата иштей аларымды көрүшкөндөн кийин гана баары ордуна келди.

Проктология Кыргызстанда ушул тапта актуалдуу жана өтө көйгөйлүү темалардан. Бүт өлкө боюнча чоңдор үчүн 45, балдар үчүн 15 койка гана бар, бул деңиздин бир тамчысындай эле нерсе го.

— Бүгүн балдар проктологиясы канчалык актуалдуу?

— Аябай эле. Мурда ымыркай же бир жашар баланы проктологго алып келишсе, өөн учурачу. Азыр андайга таңгалып болбойт. Бишкектиктерге го жакшы, келип көрүнүп, кеңеш алып тура алышат. Облустарда жашагандар эмне кылат? Албетте, аларды хирургдар карайт. Бирок көйгөйлүү нерселерди проктолог адис гана байкай алат.

Создатель клуба Перезагрузка в 49+ Гульмира Сарман во время беседы на радио
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Сарман: өлкөдөгү аялдардын ичинен чыккан алгачкы проктологмун

— Бир жашар бала кантип геморрой болсун?

— Көп себептери бар: 50 пайызы тукум кууйт. Андан тышкары, көп ата-эне баланы горшогуна колуна телефон карматып отургузуп, өздөрү оокат кылып жүрө берет. Анан памперс чыккан, жаш ата-энелер баланын памперсти узагыраак кийип жүргөнүн ыңгайлуу көрөт. Мага бир наристени алып келишкен, эки жашка чыкканча бала же дааратканага баргысы келгенин айта албайт, же горшокко отура албайт. Кичинекей бала фри, хот-дог, кола өңдүү тамак жесе да ушундай көйгөй башталат.

— Врачтар ден соолукка жоопкерчиликсиз мамиле кыларыбызды, маал-маалы менен көрүнүп турбаганыбызды көп айтышат. Проктологияда бул жагынан жагдай кандай?

— Андан да начар. Анткени адамдардын 90-95 пайызы жоон жана ичке ичеги ооруларын уят деп санашат. Ачык айтууга да болбойт имиш. Мага кээде: "Сизди канча жылдан бери издеп жүргөм..." — деп келишет бейтап айымдар. Проктологияда 35 жылдан бери иштейм. Бул тек гана шылтоо. Адамдар бир топ убакыт өздөрүн өздөрү дарылоо менен алектенишет. Алардын эң чоң катачылыгы — дарыканага барып: "Мага бир нерсе берип койгулачы" дегендери. Ошол "бир нерсени" алгандан кийин врачтарга өтө өтүшүп кеткен абалда кайрылышат. Дал ушундай мамиле — уят, анан калса, жан сыздатат. Проктологияда 200 диагноз бар: ар биринин дарылоо схемасы ар башка, балдар, чоңдор, кош бойлуу жана көз жара тургандар үчүн өзүнчө дары-дармектер бар. Катардагы дарыканачы аларды так билери күмөн.

— Өз алдынча дарыланып өтүштүрүп жибергендерден үрөйүңүздү учурган окуя болду беле?

— Өтө өтүшүп кеткен убакта кайрылгандардын көпчүлүгү: "Интернеттен окугам, анан ушундай кылып алдым", – деп келишет. Болгон нерсенин баарын окуп-көрүп алчу заманда жашайбыз. Аптасына бир-эки ирет ар кыл баскычтагы ракты аныктап калдык.

Бир учур таптакыр оюмдан кетпейт... Ысык-Көлдөн бир аялды медициналык замбил менен алып келишти. Ага уу коргошундун (аконит) кайнатмасын ичке ичегиге куюуга кеңеш беришиптир. Үч ай бою ошентет. Аконит уулуу эмеспи. Балким, тийиштүү бир өлчөмдө кошумча дарылоого кошулаар. Бирок бул бейтапка ал өсүмдүк жардам бермек эмес. Текшерип чыгып, аял төртүнчү баскычтагы рак экенин аныктадык. Абалы өтө оор эле, тез жардам чакырууга туура келди. Эмнеге дароо врачка көрүнбөгөнүн сурасам, участкалык врач ушундай дарылануу ыкмасын кеңеш кылганын айтат. Үрөйүм учту.

Первая женщина-проктолог в Кыргызстане Гульмира Сарман во время беседы
© Sputnik / Дильноза Алымова
Сарман: Проктология Кыргызстанда ушул тапта актуалдуу жана өтө көйгөйлүү темалардан

— Көбүнесе кандай оорулар менен кайрылышат?

— Карыяларыбыз айткандай, мурда геморрой деген оору болбоптур. Кыргыздар көчмөн калк болгондуктан, алар буттары менен кичине жамбаш чарасы бир деңгээлде болгондой жерде отуруп, тамырларда кан айлануу токтоп калчу эмес. Ал эми атка минүү укалоо өңдүү кызмат кылчу. Азыр биз көп кыймылдабайбыз, жашоонун көбүн компьютерди тиктеп отуруп өткөрөбүз. Азыр адамдар дааратканага кантип туура барып, эмне жеш керектигин кайра башынан үйрөнүп жаткан убак.

— Ишиңизде эмне кыжырыңызга тийиши мүмкүн?

— Эч нерсе. Өз кардарларымды жакшы көрөм.

— Анда эмне сүйүнтөт?

— Ишимдин жыйынтыгын көрүү. Качандыр бир кезде жаш элем, мага көбүнесе жашаган жери жок кишилерди операция кылдырышчу. Жарааты тез бүтүп, бат айыгып кетиши үчүн аларга үйдөн шорпо, кымыз алып келер элем. Ал адамдарды антип башка ким бакмак эле? Кийин Москвага окууга өттүм, РФ колопроктология илим изилдөө институтунун ишиндеги ыкмаларын, оор бейтаптарды ажалдан арачалап калуу жолдорун киргизе баштадым.

— Кесиптик анекдоттордон айтып берсеңиз.

— Проктологдордун анекдоттору көп, алардын бири он жыл мурун менин да башыман өттү. Атайын дары шамдарын чайнаган кемпир жөнүндө уктуңуздар беле?

— Жок.

— Бул анекдотту студенттик жылдардан бери билем. Бир улгайган аял бейтабым бар эле, ага ректалдык шам (дары ичке ичегиге салынат). Он күндөн кийин ал кайра көрүнүүгө келип: "Жакшы боло түштүм, болгону шамдар тишке тыгыла берет экен" – дейт. Ал аларды чайнап, жутуп, артынан жылуу суу ичип койчу тура.

Ошол окуядан соң бардык бейтаптарга ректалдык шамдарды кантип салуу керектигин түшүндүрчү болдум. Кээде түшүнүктүү болсун деп сүрөтүн да тартып көрсөтөм. Себеби, эң башкысы, бейтаптын өз көйгөйүн "көрө билгени" эмеспи.

Тема боюнча

25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды
Аборттон ичеги-карды чубалган кызды көрүп үрөй учту. Дарыгер менен маек
Белгилер:
проктолог, маек, кызмат, дарыгер, бейтап

ЭҢ МААНИЛҮҮ