Маскара болдук. Депутат кыргызча сүйлөбөгөн аткаминерди жемеледи

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элнура Мамбетжунусова маселе каралып баштаганда депутаттарга өзүнүн ээлеген ордун, аты-жөнүн кыргызча айтып, эл өкүлдөрүнүн уруксаты менен орусча жооп берүүнү суранган болчу.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунусованын кыргыз тилинде жооп бербегенин сынга алды.

Көз айнекчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызча туура жаза аларыңызды дагы бир ирет текшерип көрбөйсүзбү? Тест
Депутаттар 12-сентябрдагы жалпы жыйында "2018-жылы 24-декабрда Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, КР өкмөтү менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун карашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

Мамбетжунусова маселе каралып баштаганда депутаттарга өзүнүн ээлеген ордун, аты-жөнүн кыргызча айтып, эл өкүлдөрүнүн уруксаты менен орусча жооп берүүнү суранган болчу.

Талкуу учурунда Пирматов Мамбетжунусова кыргызчаны жакшы эле сүйлөй турганын айтып, суроолорго кыргыз тилинде жооп берүүнү өтүнгөн. Мамбетжунусова депутатка "макул" деп жооп кайтарган.

"Өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов, сизге кайрылат элем, министрлерди бир тартипке салгыла. Биз өзүбүздү качан сыйлап баштайбыз? Мамлекеттик тилди качан сыйлайбыз? Союз кезинде шаарда төрөлүп өсүп, орус класста окуп, таптакыр элет менен байланышы жок айрым аткаминерлерге айла жок. Эми мен башында айттым го, "сопсонун эле сүйлөйт экенсиз, кыргызча жооп бере бербейсизби" десем "макул" дедиңиз. Кайра орусча сүйлөп баштадыңыз", — деп Пирматов нааразы болду.

Эл өкүлү ошондой эле депутаттар кыргызча суроо берсе аткаминерлердин орусча жооп берип жатышы сырттан карагандарга жат көрүнөрүн, мындай жол менен аларга маскара болуп жатканын кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0