Жогорку Кеңеште тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү сунушталды

Жазылуу
Шайназаров жоруктарды тергөө мүмкүнчүлүгүн ИИМдин ыкчам кызматкерлерине, аймактык инспекторлорго берсе, максатка ылайык болмоктугун айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган иштерди тергеген ар бир тергөөчү бир айда 500дүн айланасындагы ишти тергеп жатканын айтып, алардын санын көбөйтүүнү сунуштады.

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров
Жогорку Кеңеште тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү сунушталды - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров

Шайназаров Кылмыш-жаза кодексинин негизги принциби ар тараптуу жана объективдүү иликтөө экенин белгиледи. Депутат бир тергөөчү бир айда 500 ишти тергесе, анын объективдүүлүгүнөн күмөн саноо боло турганын кошумчалады.

"Бир тергөөчү бир айда 500 иш тергесе, ал толук объективдүү болду деген принципке шек келип калышы мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтканда, алар үлгүрбөй жатат", — деди ал.

Шайназаров ошондой эле жоруктарды тергөө мүмкүнчүлүгүн ИИМдин ыкчам кызматкерлерине, аймактык инспекторлорго берсе, максатка ылайык болорун айтты.

Эл өкүлү өз сөзүндө тергөө учурунда күрөө деген баш коргоо чарасын колдонууга чакырды. Анын айтымында, бул нерсе жакшы натыйжа берет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0