Күндө жеш керек. Оорудан оолак кылган азыктардын тизмеси

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖер жемиштер. Архив
Жер жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис күн сайын бул азыктардын жок дегенде бирөөнү тамак-ашка пайдаланууну сунуштайт.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШлык илимпоз Уильям Ли көп жылдан бери адамды оорулардан сактоо жолдорун иликтеп келет. Ал үчүн окумуштуу организмди коргоонун негизги беш системасына өзгөчө көңүл бурарын Daily Mail басылмасы жазды.

Беш система — булар иммунитет, пайдалуу бактериялар, кан тамырлар, ДНК жана таза клеткаларды пайда кылчу заттар.

Окумуштуу ондогон жылдарга созулган иликтөөлөрүнөн кийин бул бешөөнү тең бердей бекемдеп, ишин жакшырта турган азыктарды атады.

Бул азык-түлүктөр жабыркаган тери, сөөк, чач жана нерв клеткаларын калыбына келтирип, илдеттерди алдын алуу үчүн коргоо механизмдерин иштеп чыгат.

Алар:

  • Кабыгы сыякөк картошка;
  • Зайтун майы;
  • Данектүү жемиштер;
  • Кофе;
  • Баклажан;
  • Киви;
  • Сабиз;
  • Жаңгак;
  • Кара моюл;
  • Кара шоколад;
  • Капуста;
  • Чай.

Адис күн сайын бул азыктардын жок дегенде бирөөнү тамак-ашка пайдаланууну сунуштайт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0