21:12 15 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4846
  • RUB1.0834
Көк-бөрү. Архивдик сүрөт

Дүңгүрөгөн ачылыш болбойт. Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарынын программасы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1155 0 0

Улуттук көчмөндөр оюндары расмий ачылышы жок спорттук иш-чаралар менен башталат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Талас облусунда өтчү Улуттук көчмөндөр оюндары дароо эле спорттук оюндар менен башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдирди.

Эскерте кетсек, иш-чара 16-21-сентябрга чейин өтөрү айтылган.

Жамангуловдун айтымында, оюндардын ачылыш жана жабылыш аземи бир эле күндө өтөт.

"16-сентябрда спорттук оюндар башталат. 19-сентябрда "Манас Ордо" комплексинде маданий иш-чаралар өтөт. 21-сентябрды расмий күн деп жатабыз, ачылыш-жабылыш аземдери бир күндө эле болот", — деди Жамангулов.

Ал ортодо Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги спорттук иш-чаралардын программасын даярдаган.

Ага ылайык, Улуттук көчмөндөр оюндары көк бөрү боюнча мелдештерден башталып, улакчылар күн сайын Райкан Алканов атындагы ат майданда таймашат.

18-сентябрдан тартып оюндар бүткөнгө чейин ордочулар күч сынашат.

Ал эми Талас шаардык окуу интернатында тогуз коргоолчулардын жарышы өтөт.

Кыргыз күрөш 20-сентябрда башталып, жеңүүчүлөр ошол эле күнү сыйланышат.

Көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш, салбуурун, ордо оюндары боюнча финалдык мелдештер 21-сентябрга белгиленген.

Алыш белбоо күрөшү боюнча балбандарды сыйлоо аземи "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Тема боюнча

Арпачиев: Көчмөндөр оюндарына эки шаар, жети облустун командалары катышат
Жаңы ипподром, этнофестиваль, спорттун 10 түрү. Көчмөндөр оюнуна даярдык күч
Иманалиев: Көчмөндөр оюндарынын максаты — элди биримдикке чакыруу
Белгилер:
мелдеш, Спорт, Улуттук көчмөндөр оюндары, Талас облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ