Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди

© AFP / PORNCHAI KITTIWONGSAKULНемецкий гонщик Формулы-1 и семикратный чемпион мира Михаэль Шумахер
Немецкий гонщик Формулы-1 и семикратный чемпион мира Михаэль Шумахер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шумахер мындан алты жыл мурун Франциянын Мерибелинде лыжа тээп жүрүп кырсыктаган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 2013-жылдын кыш айларында катуу жаракат алып комада жаткан "Формула-1" жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер эсине келгенин Le Parisien басылмасы жазды.

Буга чейин ЖМК 50 жаштагы спортчу Париждеги Жорж Помпиду атындагы оорукананын жүрөк-кан тамыр хирургиясынын бөлүмүнө жашыруун которулганын айтып чыгышкан. Эми анын саламаттыгына жүрөк оорусун дарылоо боюнча адис, профессор Филипп Менаше көз салмакчы.

"Ооба, ал менин бөлүмүмдө. Эсине келди", — деген клиниканын кызматкери.

Белгилей кетсек, Шумахер мындан алты жыл мурун Франциянын Мерибелинде лыжа тээп жүрүп кырсыктаган. Баш сөөгү, мээси жабыркап, спортчу ошондон бери комада болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0