Момбеков: окуучулар күнүнө 7 сомдук, ИИМдин иттери 100 сомдук тамак ичет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рыскелди Момбеков абактагылар менен окуучулардын тамак-ашына бөлүнгөн каражат тууралуу маселе көтөрдү.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков окуучулар менен абактагыларга жана ИИМдин кинологдорунун иттеринин бир күндүк тамагына бөлүнгөн каражаттын айырмачылыгын айтып берди.

Төрөбай Зулпукаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Сауд өнүктүрүү банкы мектеп курууга бөлгөн 30 млн. доллар кайда?
Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады.

Момбеков Исаковдон окуучулардын бир күндүк тамагына бөлүнгөн акчанын суммасын сурап, "жети сом" деген жоопту алды. Эл өкүлү ошондой эле абактагылардын бир күндүк тамагына деп 70 сом караларын билдирди. Ошол эле учурда Бишкектеги №5 улуттук гимназиянын жатак интернатында окуучулардын күнүмдүк ичип-жегенине 60 сом каралганына токтолду.

"Президенттер, премьерлер, спикерлер бүткөн №5 гимназиянын жатак интернатында окугандарга бир күнгө 60 сом бөлүнөт. Ал эми ИИМдин кинологдорунун иттерине күнүнө 100 сом каралат. Карап көрүңүз. Балдарга кайырчыларга окшотуп садага берип жатабыз, иттерге эт берип жатабыз", — деди Момбеков.

Эл өкүлү №5 интернат-гимназиясында окуган балдардын ичкен-жегенине бөлүнгөн каражатка бир көз салып коюуну өтүндү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0