Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

© AFP / ANTHONY WALLACEСитуация на границе Китая
Ситуация на границе Китая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда "Ай майрамы" белгиленет.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мындай демилге кытай тарабынан көтөрүлгөн.

"Ай майрамына" байланыштуу "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта.

Майрамдан кийин көзөмөл өткөрүү бекеттери жарандар жана транспорттор үчүн кадимки режимде иштей баштайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0