Студенттердин стипендиясы 5000 сом болобу? Депутаттын сунушу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосковский государственный гуманитарно-экономический университет
Московский государственный гуманитарно-экономический университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү келечекте мугалим болчуларды студент кезинен тарта даярдоо керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров болочокто мугалим боло турчу студенттерге университеттен тарта эле кам көрүү керектигин айтты.

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин кароодо.

Жапаров өз сөзүндө мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү үчүн Ош педагогикалык университети, Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги студенттердин стипендиясын 1000 сомдон 5000 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

"Жаш мугалимдин депозити деп туруп азыртадан айлык бере башташыбыз керек. Ошону менен биз алдынкы студенттерди мыкты мугалим кылып даярдашыбыз кажет", — деди депутат.

Школы города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Министрликке талапкер Исаков: окуу программасы менен китептердин мазмуну өзгөрөт
Эл өкүлү ошондой эле китеп көйгөйүнө токтолуп, ар бир окуу китебине министр өзү редактор болушу керектигин белгиледи.

"Сталин учурунда убакыт таап, ар бир китепти өзү бекиткен экен. Сталин убакыт тапса, министр катары эми сиз таппасаңыз болбойт", — деди ал.

Белгилей кетсек, Каныбек Исаков жакында эле кызматтан кеткен министр Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна көрсөтүлүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0