Министрликке талапкер Исаков: окуу программасы менен китептердин мазмуну өзгөрөт

Жазылуу
Каныбек Исаков университеттердеги коррупцияны жоюу боюнча эмне иш кыла турганын да айтты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрине талапкер Каныбек Исаков парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, окуу программалары сөзсүз түрдө оптимизацияланышы керектигин айтты.

Депутат Дастан Бекешев эгер Исаков министр болуп калса, мектеп программасында өзгөрүүлөр болор-болбосуна кызыкты.

Исаков оптимизацияга баруу зарылдыгын белгиледи.

"Албетте, окуу программаларында, окуу китептеринде жакшы жакка өзгөрүү болот. Өзгөчө окуу китептеринин мазмуну, жалпы деңгээлди, сапатты жогорулатабыз деп ойлойм", — деди Исаков.

Ректор ОшГУ Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Министр болчу Исаков мектептеги ата-энелер фонду качан жоюларын айтты
Министр кызматына талапкер ошондой эле эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, окуу предметтеринде артыкбаш нерселер бар экенин моюндап, министрлик эми мындан ары балдардын аң-сезимине, дүйнө таанымына керектүү билим азыктарын берүүгө тырыша турганын кошумчалады.

Ал ошондой эле жогорку окуу жайлардагы коррупцияны жок кылуу боюнча бир нече пландары бар экенин айтты.

"Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа бар. Механизмдерди иштеп чыкпай туруп коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Алба, бербе деп койсо эле ал токтоп калбайт. Аң-сезимдүү түрдө коррупциялык тоскоолдуктарды жокко чыгарабыз", — деди Исаков.

Белгилей кетсек, Исаковдун талапкерлигин буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери карап колдоп берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0